Тынчсыздануу рак илдетин чакырат дейт окумуштуулар

тынчсыздануусу жана депрессия Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Кишинин тынчсыздануусу жана депрессия рак ооруларына алып келе турган тобокелчиликти күчөтөт дейт британдык окумуштуулар.

Атайын жүргүзүлгөн иликтөөдө Англия менен Уэльсте 160 миң киши текшерилип, башында булардын баарынын ден соолугу чың болгон. Иликтөө жыйынтыгында окумушутуулар, кимде көп тынчсыздануу, көңүл чөгүү болсо, ошол кишилер ар кандай рак ооруларына бат чалдыгарын байкашкан.

Иликтөө жыйынтыгы British Medical Journal басылмасына жарыяланды. Муну менен окумуштуулар дагы кошумча иликтөөлөрдү жүргүзүп, анык себептерин так аныктоо зарыл экенин белгилешкен.

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдө катуу ооруга чалдыгуу жана көз жумгандардын чоң көрсөткүчү онкологиялык дарттан улам болот дейт. 60 пайызга жакын рак илдетинин жаңы катталган учурлары Африка, Азия жана Борбордук, Түштүк Америка өлкөлөрүнө таандык.