Италияда кар көчкү алдында калгандарды издөө жыйынтыкталды

Издөө иштери дээрлик бир аптага созулду. Сүрөттүн автордук укугу reuters
Image caption Издөө иштери дээрлик бир аптага созулду.

Италиянын тоолуу провинциясы Абруццодогу кар көчкү басып калган Rigopiano мейманканасынан куткаруучулар дагы эки кишинин сөөгүн алып чыгышты.

Кар көчкүдөн каза тапкандардын саны 29га жетти деди расмийлер. Дайынсыз изделип жаткандардын тизмесинде эч ким калган жок. Издөө иштери токтотулду. Тирүү калган жана жаракат алган он бир киши буга чейин куткарылган болчу. Издөө иштери дээрлик бир аптага созулду.

Өткөн аптада өлкөнүн борбордук аймагында катталган жер титирөөдөн кийин Гран-Сассо тоосунан кар көчкү жүрүп, үч кабат мейманкананы басып калган эле. Бул окуяны прокуратура иликтөөгө алууда.

Мейманканадагылардын көбү ал жерден чыгып кетүүгө аракет кылганы менен жолдор карга бөгөлүп калган. Куткаруучулар окуя болгон жерге 10 сааттан кийин барганы кабарланды. Алар таш аралашкан кар көчкүнү кол менен күрөп, жол ачып анан жетип барышкан.