Трамп дубал курулушу үчүн Мексикадан импорттолгон товарга салык киргизүүнү сунуштады

Мурдатан эле Мексика менен АКШ чек арасынын бир катар тилкелери дубал менен тосулган. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мурдатан эле Мексика менен АКШ чек арасынын бир катар тилкелери дубал менен тосулган.

АКШ Президенти Дональд Трамп чек арага курула турган дубалдын чыгымдарын жабуу үчүн Мексикадан импорттолгон товарга 20% салык киргизүүнү сунуштап жатканын Ак үйдүн өкүлү кабарлады.

Бул билдирүү Мексика Президенти Вашингтонго расмий иш сапарын токтоткондон кийин жасалды. Шаршембиде Дональд Трамп Мексика менен чек арага дубал тургузуу боюнча жарлыкка кол койгон эле. Курулуштун чыгымын кандай болгон күндө да Мексика төлөйт деген пикирин Трамп кайрадан эске салган.

Мексика Президенти Энрике Пенья Ньето өз өлкөсү курулушка бир тыйын да төлөбөйт деп билдирип келүүдө. Буга байланыштуу бейшембиде ал АКШга күтүлүп жаткан расмий иш сапарын токтотконун билдирди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер АКШ Президенти салык боюнча маселени конгрес өкүлдөрү менен талкуулаганын айтып, бул маселени салык реформасы боюнча пакетке да киргизүү жагы каралып жатканына токтолду. Ал 20 пайыздык импорт салыгы америкалык казынага жылына 10 миллиард доллар кирише алып келет дейт.

Күн сайын Мексика менен АКШ чек арасынан 1,6 млрд доллар өлчөмүндөгү товарлар өтүп турат. Бирок расмийлер азырынча бул сунуш катары гана айтылып жатканын билдиришти.

Республикачыл сенатор Линдси Грэм импорт салыгы үчүн америкалык керектөөчүүлөр дагы төлөөгө мажбур болорун эскертти.

"Алар деле биз сыяктуу салыкты киргизе алышат. Бул экономиканын өсүүсү үчүн чоң тоскоолдук болот",-деп жазды ал интернеттеги баракчасына.

Мыйзамсыз миграцияны токтотуу үчүн 3200 километр дубал тургузуу керек деген идеясын Трамп бир жылдан бери эле активдүү көтөрүп келген. Шайлоо өнөктүгү учурунда да кызуу талкууланды. Трмаптын баалоосунда дубалды тургузуу үчүн 12 млрд доллар чыгымдалат. Бирок эксперттер курулуштун чыгымы 25 млрд долларга чамалайт деп болжошууда. Алдыда дубалдын курулушун каржылоо маселесине конгрес макулдук бериши керек. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар