Квебектеги мечитке кол салуудан алты киши өлдү

Полиция эки киши камакка алынганын билдирди. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Полиция эки киши камакка алынганын билдирди. Каза тапкандар жана жабыркагандар боюнча так маалымат бере элек.

Квебек шаарындагы мечитке кол салуудан алты киши каза таап, сегизи жарадар болду деп билдирди полиция. Канада бийлиги бул окуяны террордук чабуул катары иликтөөгө алууда.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо мечитке кол салууну мусулмандарга карата жасалаган теракт деп атады.

Кол салуу намаз учурунда болуп, киши көп болгону айтылып жатат. Бул мечит шаардагы Ислам борбору катары белгилүү эле. Кол салуу учурунда мечитте 40 чамалуу киши болгон.

Окуяга күбө болгондордун бири Рейтер агенттигине мечитке куралдуу үч адам бастырып киргенин айтып берген.Квебек шаардык полициясы эки киши камакка алынып, кол салуунун себеби такталып жатканын айтты.

Жергиликтүү Le Soleil басылмасы кол салгандардын бири 27 жаштагы киши деп жазды, кол салгандардын биринде Калашников үлгүсүндөгү автомат болгон деп билдирди. Бирок полиция азырынча окуя боюнча эч кандай маалымат бербей турат.