Киев: Донбасста бир суткада беш аскер өлдү

Сүрөттүн автордук укугу unian
Image caption Жекшембиде Украинанын Авдеевка районунда ок атышуулар жанданганы кабарланып, үч аскер каза таап, бирөө жаракат алганын Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлү Александр Мотузяник билдирген эле.

Ок атышуулардан Украина чыгышында бир суткада беш аскер кызматкери каза таап, он үчү жарадар болгонун Донбасстагы операция жүргүзүп жаткан украин армиясынын штабы билдирди.

Тараптар кырдаалды курчутту деп бири-бирин күнөөлөп жатышат. Сутка ичинде укрианалык аскерлердин турумдарына Донецк, Луганск, Мариупольск аймактарынан 56 жолу аткылоо болгонун айтылып жатат.

Укриан аскерлери Мариупольск багыты тарабынан аткылоо "Град" деп аталган реактивдүү системадан болгонун ырасташты. Жекшембиде Украинанын Авдеевка районунда ок атышуулар жанданганы кабарланып, үч аскер каза таап, бирөө жаракат алганын Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлү Александр Мотузяник билдирген эле. Анын айтымында, таңкы саат беште Авдеевкадагы украин армиясынын турумдары миномет, гранатомет менен ок атууга туш болгон. Эки сааттан кийин жикчилдер чабуулга өтүп, бирок кайра артка кайтарылган.

Жикчилдердин өкүлү Франс пресс агенттигине бир кишиси каза таап, бирөө жаракат алганын билдирген. Өздөрүн ДЭР деп атаган куралдуу топтор Авдеевкадагы ок атышуу үчүн украин Армиясын күнөөлөдү. Алар жекшембиде Донецкти артиллериялык аткылоого алган деп айыпташып, анын кесепетинен жайкын тургундардын бири каза тапкан деп күнөөлөп жатышат.

Тема боюнча башка макалалар