Toyota дүйнөлүк унаа рыногунун лидери наамын Volkswagen компаниясына бошотту

Toyota Сүрөттүн автордук укугу AFP

Япониялык унаа чыгарган Toyota компаниясы сатылган унаалар саны боюнча дүйнөлүк лидерликти германиялык Volkswagen компаниясына бошотту.

Toyota компаниясынын расмий эсебине ылайык, 2016-жылы 10 млн 175 миң унаа сатылды. Бул өткөн 2015-жылга караганда 0,2% көп. Бул сандардын ичине Toyota үлгүсүндөгү унаалар эле эмес, компанияга таандык Hino Motors оор жүк тарткан унаасы, Daihatsu жана Lexus дагы бар.

Volkswagen өзүнүн отчетунда, 2016-жылы унааларды сатуу 3,8% көбөйүп, 10 млн 310 миң унаасын саткан. Бул аркылуу компания дүйнөлүк лидерликти багындырды.

Volkswagen дүйнөдө абдан популярдуу болгон Audi, Bentley, Bugatti жана Lamborghini, Skoda, Seat жана башка бир нече үлгүдөгү унааларды чыгарып келүүдө.

Toyota 2008-жылы сатылган унаалардын саны боюнча көптөгөн жылдар лидерликти бербей келе жаткан америкалык General Motors компаниясын кууп жеткен. Ошондон тарта Toyota лидерликти көп жылдар кармады.

2011-жылы гана ордун GM компаниясына алдырган. Албетте бул учур өлкөдөгү катуу зилзала, цунами болгон кырдаалга туш келген.

Өткөн жылы Toyota компаниясынын чет жактагы эң ири базарларында сатылган унааларынын саны кыскарды. Анын ичинде АКШда деп белгилейт Блумберг. Ал эми германиялык VW болсо тескерисинче, Кытайда кардарларын көбөйттү.

Рейтер маалыматына караганда Toyota компаниясынын аткаруучу директору Акио Тоёда жакынкы күндөрдө өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушат.

Абэ февраль айында Вашингтонго расмий иш сапары менен келиши күтүлүп жатат. Абэ менен Трамп маалыматтарга караганда, эки өлкө ортосундагы соода алакалары боюнча сүйлөшүшү мүмкүн.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар