Британия бийлиги Трамптын королева менен жолугушуусун жылдырбайт

Өткөн аптада Лондондо миңдеген кишилер жүрүшкө чыгып, Трамптын саясатына каршы пикирлерин билдиришти. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Өткөн аптада Лондондо миңдеген кишилер жүрүшкө чыгып, Трамптын саясатына каршы пикирлерин билдиришти.

Мигранттарга карата катаал чараларына байланыштуу Президент Дональд Трамптын Британияга сапарын токтотуу боюнча чакырыктарды британ өкмөтү четке какты.

Британияга боло турган мамлекеттик расмий сапарда Трамп королева Елизавета II кабыл алуусунда болот деп күтүлүп жатат. Буга каршы болгон петицияга миллионго чукул британиялыктар кол коюшкан.

Би-Би-Сиге британ өкмөтүнүн булактары Президент Дональд Трамптын Британияга келүүсүнө тыюу салуу "популисттик ишарат" гана болмок деп билдирген. Ошондой эле өкмөттүк булак, Дональд Трамптын Британияга расмий сапары АКШ тарабынан кабыл алынып калган, аны кайра чакыртып алуу баардыгын бүлүндүрмөк деп айткан.

Лейбористтик партиянын лидери Жереми Корбин өз пикиринде, эгер өкмөт башчы Тереза Мэй бул иш сапарды артка жылдырбаса, анда мекендештеринин күтүүсүн актай албайт деп айтты.

Ишембиде британ парламентинин сайтына петициянын текстти жарыяланды. Анда Президент Дональд Трамптын расмий иш сапар менен келүүсүнө тыюу салуу чакырыгы жазылган.

Петициянын авторлору АКШнын 45-президенти Трамптын ич күйдүлүк көз караштары жана жүрүм-туруму үчүн королеванын жана принцтин кабыл алуусунда болбошу керек деп эсептешет. Мындай кабыл алуу королеваны ыңгайсыз абалга да салып коюшу мүмкүн деп айтылган. Ошол эле учурда петицияда Трамп королдук үй-бүлө мүчөлөрү менен жолукпаган болсо, Британияга жумушчу сапары менен келе берсе болору да белгиленген.

Кабыл алынган эрежелерге ылайык, эгер петицияга 10 миң ашуун киши кол койсо, анда өкмөт ага расмий жообун билдириши керек. Петиция 100 миң ашуун кол топтосо, анда парламентте бул суроо боюнча талкуулар болушу шарт.

Тема боюнча башка макалалар