АКШда Башкы прокурордун милдетин аткаруучу кызматтан алынды

Салли Йейтс Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Салли Йейтс Юстиция министрлиги сотто Президент Дональд Трамптын миграция боюнча жарлыгын коргобойт деп айткан эле. Ал бул жарлыктын мыйзамдуулугуна да ынанбай турганын кошумчалаган.

АКШнын Башкы прокурорунун милдетин аткарып жаткан Салли Йейтс кызматынан алынды. Анын ордуна Вирджиния штатынын прокурору Дана Бенте дайындалды. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Кечээ күнү Салли Йейтс Юстиция министрлиги сотто Президент Дональд Трамптын миграция боюнча жарлыгын коргобойт деп айткан эле. Ал бул жарлыктын мыйзамдуулугуна да ынанбай турганын кошумчалаган.

Ак үйдүн билдирүүсүндө: «Салли Йейтс АКШнын жарандарын коргоо максатында кабыл алынган мыйзамдуу жарлыкты аткаруудан баш тартып, Юстиция министрлигин сатып кетти» деп айтылат.

Трамп 27-январда Сирияда келип жаткан качкындарды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө токтотуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Ушуну менен качкындарды кабыл алуу боюнча иштеп жаткан калган программалар дагы 120 күнгө токтотулду. Муну менен бирге жарлыкта жети мусулман өлкөсүнүн жарандарына 90 күнгө чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынды.

Жарлык чыккандан кийин АКШнын ири шаарларында мигранттарды колдоого алган акциялар өтүп, миңдеген кишилер көчөгө чыкты. Жүздөгөн америкалык дипломаттар жарлыкка каршы пикир айтышты. Миграция боюнча чараларды мурдагы Президент Барак Обама дагы сынга алды.

Салли Йейтс буга чейин генпрокурордун орун басары болуп иштеп келген эле. Башкы прокурорлук кызматты аркалаган Лоретта Линч мурдагы Президент Барак Обама кызматын тапшыргандан кийин ордун бошоткон. Трамп бул кызматка Йейтсти убактылуу иштеп турууну суранган.

Тема боюнча башка макалалар