Квебектеги мечитке кол салууга шектелген студентке айыбы угузулду

Квебектеги мечитке кол салган деп шектелген Александр Биссоннет Сүрөттүн автордук укугу facebook

Канаданын полициясы Квебектеги мечитке кол салган деп шектелген Александр Биссоннетке айыбын угузду. 27 жаштагы студент алты адамдын өлтүргөн жана беш кишини өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталып жатат.

Жакынкы күндөрдө ал Квебектин шаардык сотуна алып келинмекчи.

Кечээ күнү Квебектеги мечитке кол салуудан жардар болгон беш киши оор абалда ооруканада жатат. Алты адам каза тапкан. Окуя болгон жерде дарыгерлер жеңил жаракат алган 12 кишиге жардам көрсөтүшкөн.

CBC News маалыматына караганда, шектелип жаткан Биссоннет Лаваль университетинде саясат таануу жана антропология боюнча билим алат. Окуу жайдын имараты мечиттен үч чакырым алыстыкта орун алган.

Биссоннет менен бирге кол салууга шектелип, теги марокколук Мохаммед Хадир дагы кармалган эле. Ал азыр күбө катары суралып жатат.

Тема боюнча башка макалалар