Донбасстагы чыңалуу: Киев дагы үч жоокер каза тапканын маалымдады

Тараптар Донбасста кырдаал курчуп баратканын билдирип жатышат. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Тараптар Донбасста кырдаал курчуп баратканын билдирип жатышат.

Соңку күндөрү согуштук аракеттер курчуп жаткан Украина чыгышында дагы үч аскер кызматкери каза тапканын Донбасстагы операция жүргүзүп жаткан украин армиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Дагы 20 киши жаракат алган. Жекшембиде Донецктин чет жакасындагы Авдеевка районунда ок атышуулар жанданганы кабарланып, азырга чейин уланып жатат. Дүйшөмбүдө Украинанын Коргоо министрлиги беш аскер кызматкери набыт болуп, он үч аскер жаракат алганын билдирген.

Ал ортодо өздөрүн аймактык түзүм катары жарыялаган "Донецк элдик республикасы" тараткан маалыматта 29-30-январдагы ок атышуудан 78украин аскер кызматкери өлүп, 76сы жаракат алганын Интерфакс агенттиги жазып чыкты. Бул тууралуу журналисттерге ДЭР командачылыгынын кол башчысынын орунбасары Эдуард Басурин билдирген. Жикчилдер өздөрү тараптан төрт кишиси набыт кетип, жетөө жаракат алганын айтууда.

Тараптар Донбасста кырдаал курчуп баратканын билдирип жатышат. Украин аскерлери өздөрү тарапка 71 жолу ок атуу болгонун ырасташты. Авдеевкадагы украин армиясынын турумдары миномет, гранатомет менен ок атууга туш болгон. Эки тараптең ок атууну биринчи баштады деп бири-бирин күнөөлөгөнгө өттү.

Кырдаалга байланыштуу дүйшөмбү күнү украин Президенти Петр Порошенко Германияга иш сапарын токтотту.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар