АКШ Авдеевкадагы ок атышууну токтотууга чакырды

Жекшембиде Донецктин чет жакасындагы Авдеевка районунда ок атышуулар жанданганы кабарланып, азырга чейин уланып жатат Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Жекшембиде Донецктин чет жакасындагы Авдеевка районунда ок атышуулар жанданганы кабарланып, азырга чейин уланып жатат.

АКШнын мамлекеттик департаменти Донбасстагы согушуп жаткан тараптарды ок атышпоого чакырып, ЕККУ байкоочуларына аймакка барууга жол ачып берүүсүн өтүндү.

Мамлекеттик департамент өз билдирүүсүндө Минск келишимин колдоорун белгилеген. БУУнун Коопсуздук кеңеши дагы Донбасстагы кырдаалдын курчуп жатканына кабатырлануусун билдирди. Коопсуздук кеңеши Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын айтты.

Жекшембиде Донецктин чет жакасындагы Авдеевка районунда ок атышуулар жанданганы кабарланып, азырга чейин уланып жатат. ЕККУ атышууларда келишим менен тыюу салынган оор куралдар колдонулуп жатканын ырастады.

Авдеевкадагы украин армиясынын турумдары миномет, гранатомет менен ок атууга туш болгон. Эки тараптең ок атууну биринчи баштады деп бири-бирин күнөөлөгөнгө өттү.

Ок атышууларга байланыштуу шаарда жарык жана жылытуу системасы иштебей турат. Кырдаалга байланыштуу дүйшөмбү күнү украин Президенти Петр Порошенко Германияга иш сапарын токтотту.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар