Орусиянын эстафета боюнча командасы Олимпиада медалынан ажыратылды

Орусиянын 4х400 метр аралыкка чуркоо боюнча кыз-келиндер командасы Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын 4х400 метр аралыкка чуркоо боюнча кыз-келиндер командасын 2012-жылы Лондон Олимпиада оюндарында жеңип алган күмүш медалынан ажыратты. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Эл аралык Олимпиада комитетинин маалыматына караганда, мындай чечим Антонина Кривошапканын допинг текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен кабыл алынган. Кайрадан текшерүүлөр болгондо анын канынан тыюу салынган зат табылган деп айтылды. Командада Антонина Кривошапкадан сырткары Юлия Гущина, Татьяна Фирова, Наталья Антюх, Анастасия Капачинская жана Наталья Назарова бар эле. Эми алардын баары күмүш медалынан ажыратылып жатат.

Допинг боюнча кошумча текшерүүлөрдөн кийин 2012-жылдагы Лондон Олимпиада оюндары учурунда жеңип алган орусиялыктардын жетинчи медалы алынды.

Өткөн аптада эле орусиялык жеңил атлетчи Татьяна Лебедева эки күмүш медалынан ажыратылган. Татьяна Лебедева 2008-жылдагы Пекин Олимпиадасы учурундагы медалын кошумча жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин алдырды. Анын канынан дагы туринабол заты табылган. Шаршембиде Спорт министри Павел Колобков Орусия допинг көйгөйүн жайгара алат деп билдирди.

Тектеш темалар