АКШнын Жогорку Сотунда консерваторлор көбөйүү алдында

Көпчүлүк республикачылар Дональд Трампка Жогорку Сотко консерваторду алып келет деп добуш берген
Image caption Көпчүлүк республикачылар Дональд Трампка Жогорку Сотко консерваторду алып келет деп добуш берген

АКШ президенти Дональд Трамп өлкөнүн Жогорку Сотунун судьялыгына Жорж Нил Горсачтын талапкерлигин көрсөттү. Нил Горсач келсе, сотто консерваторлор либералдардан бирге көп болот. Жогорку соттун судьясын сенат бекитет жана алардын Американын жашоосунда ролу чоң.

АКШнын Жогорку Соту америкалыктар үчүн маанилүү болгон өлүм жазасы, курал колдонуу укугу, бойдон алдыруу, дин тутуу эркиндиги, президенттин укуктары, экологиялык мыйзамдар өңдүү маселелер менен иш алып барат.

АКШ президенти Дональд Трамп апелляциялык соттун судьясы 49 жаштагы Жорж Нил Горсачты Жогорку Соттун судьялыгына көрсөтүп жатып анын интеллекти абдан бийик деди:

Image caption АКШнын Жогорку Соту тогуз судьядан турат, өткөн жылы Антонин Скалия өлгөндө (биринчи катарда солдон экинчи) сегиз болуп, консерваторлор менен либералдар тең болуп калган

“Жорж Нил Гррсачтын талапкерлигин көрсөтүү менен мен бүгүн америкалыктардын алдында дагы бир убадамды аткарып жатам”.

Айрым республикачылар Трамп кур дегенде Жогорку Соттун бир судьясын, балким андан да көбүн дайындайт деген ой менен ага добуш беришкенин айтышкан. Мисалы, ак түстөгү христиан-евангалисттердин 80 пайыздайы бул логика алар үчүн өтө маанилүү экенин билдиришкен. Хиллари Клинтон жеңсе, Жогорку сот көптөгөн жылдар бою либералдардын колунда болот дегенди билдирмек. Анткени АКШнын Жогорку Сотунун судьяларынын мөөнөтү түбөлүк.

Трамп Горсачты өткөн жылы каза болгон консерватор судья Антонин Скалиянын ордуна көрсөтүүдө. Ал өлгөндө Жогорку Сотто консерваторлор менен либералдар төрт төрттөн тең болуп калган.

Дагы бир консерватордун келиши албетте, республикачылардын ийгилигин билдирет, бирок аналитиктер бул алар үчүн чоң жылыш эмес дешет. Анткени бир-эки консерватор либералдар менен добуш берип жүрөт. Азыр 78 жаштагы Стивен Брайер менен 83 жаштагы Рут Бейдерди да Трампка алмаштыруу мүмкүнчүлүгү келип калса, анда республикачылар үчүн чоң жылыш болушу мүмкүн.

Талапкерлиги көрсөтүлгөн Нил Горсач трибунада мындай деди:

“Ушул жерде, тарыхый имаратта туруп, мен өзүмдүн кемчиликтерим бар экенин абдан жакшы аңдайм. Болгон аракетим менен колумдан келишинче бул улуу өлкөнүн конституциясына берилүү менен кызмат кылууга ант берем”.

Бул либералдарды катуу дүрбөлөңгө түшүрдү. Алар Трамптын Жогорку Сотко дайындагандарынын баарына каршы турууну көздөөдө.

Былтыры Скалия каза болгондон кийин Барак Обама либерал талапкерди көрсөткөн. Бирок сенатта көпчүлүктү республикачылар түзгөндүктөн бул маселени карабай коюшкан. (AK)