АКШда абактагылар күзөтчүлөрдү барымтага алды

абак жай Сүрөттүн автордук укугу ABC

Делавэр штатынын Смирна шаарындагы абак жайда беш күзөтчү эркинен ажыратылгандар тарабынан барымтага алынган.

Абакта жаткандардын бири жергиликтүү News Journal басылмасы менен байланышка чыгып, барымтанын негизги себеби Президент Дональд Трампка болгон нааразылык экенин билдирген. «Ал мурда кылганы үчүн, азыр эмне кылып жатканы үчүн. Абак жайда дагы баары начар жагына өзгөрүп жатат»,-деп билдирген абактагы киши.

Смирнадагы абак жайга ондогон полиция кызматкерлери келди. Барымтада кармалган күзөтчүлөрдүн бирин бошотуп жиберишкен. Маалыматтарга караганда ал өмүрүнө коркунуч жараткан жаркат алган экен. Калган барымтадагы күзөтчүлөрдүн абалы тууралуу маалымат жок. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Журналисттер абакта жаткандардын бири менен жакын таанышы аркылуу байланышка чыгып, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Ал эффективдүү реаблитациялоону талап кылып жатышканын билдирген. Абактагылар билим бере турган программаларды, ошондой эле түрмөгө бөлүнгөн каражатты кайда жумшаларын ачык айтууну талап кылып жатышат.

Бул абак жай Делавэр штатындагы чоң түрмөлөрдүн бири. Ѳлүм жазасына кесилгендердин камералары да жайгашкан.