Минск сүйлөшүүсүндө Донбасстагы ок атууну токтотуу боюнча талап коюлду

Ок атышуу учурунда Минск келишим менен тыюу салынган оор артиллерия колдонулган. Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Ок атышуу учурунда Минск келишим менен тыюу салынган оор артиллерия колдонулган.

Минсктеги жыйында келишилгендей 5-февралга чейин Авдеевкадагы каршылашып жаткан тараптар оор куралдарын алып кетиши керек.

Бул чечим кечээ күнү Минскте өткөн үч тараптуу (Украина-Орусия-ЕККУ) сүйлөшүүлөрдө кабыл алынды. Ага Донецк жана Луганск аймагын көзөмөлдөп жаткан куралдуу топтордун өкүлдөрү дагы катышты. Украина чыгышындагы кырдаалды жайгаруу боюнча иш алып барып жаткан топ тараптарга ок атышпоо тууралуу келишимди толук аткаруу талабын койду. Ошондой эле ЕККУнун атайын мониторинг жүргүзгөн миссиясына жаңжал болуп жаткан жерге кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды, ок атышууданулам жабыркаган Авдеевкадагы инфраструктураны калыбына келтирүүнү тапшырды.

ЕККУнун атайын өкүлү Мартин Сайдик бул талаптарды бузган тараптарга санкция киргизүүгө дегеле мүмкүн эмес деп белгиледи.

Украин аскер күчтөрү менен орусиячыл жикчилдер ортосундагы ок атышуу 29-январдан баштап күчөдү. Авдеевка шаарчасы атылган октордун бутасына айланып, оор абалга кептелген. Ок атышуу учурунда Минск келишим менен тыюу салынган оор артиллерия колдонулган. Эки тараптан тең набыт болгондор жана жаракат алгандар бар. Ал тургай Авдеевкада кала берген жана анын тегерегиндеги калктуу конуштарда жашаган тургундар арасында жоготуулар бар экени кабарланды.

Украина чыгышындагы жаңжалдын күчөп кеткенине эки тарап тең бири-бирин күнөөлөп жатат. Украин бийлиги өз көзөмөлүндөгү Авдеевка шаарчасына өзгөчө кырдаал абалын киргизген.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Фактыларды ЕККУнун атайын мониторинг миссиясынын отчетунан издегиле»,-деди журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ЕККУ өкүлү Мартин Сайдик.

"Ар кимиси өз жүйлөрүн айтып жатышат (жаңжалдын күчөшү боюнча – ред.). Фактыларды ЕККУнун атайын мониторинг миссиясынын отчетунан издегиле",-деди журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ЕККУ өкүлү Мартин Сайдик.

Украина чыгышындагы кырдаалды жайгаруу боюнча иш алып барып жаткан топ эки аптадан кийин кайрадан жыйынга чогулат. Болжолу 1-февралда талкууланган жаңжалдашкан тараптар мыйзамсыз кармап турган туткундардын тизмеси боюнча макулдашуулар каралат деп күтүлүүдө.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар