Пентагон Йемендеги операцияда жайкын тургундарга ок атылышы мүмкүндүгүн моюнуна алды

тик учак Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Kаза тапкан аскердин сөөгүн алып келген каттамды тосуп алуу үчүн Делавэрдеги авибазага Трамп кызы Иванка менен тик учак аркылуу учуп барды.

Америкалык аскерлер Йемендин түштүгүндөгү операциянын жүрүшүндө жайкын тургундар, анын ичинде балдар да набыт кеткен болушу мүмкүн экенин моюнуна алды.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын билдирүүсүндө, каза тапкан жайкын тургундар абадан жасалаган чабуул учурунда пулеметтун огуна кабылган болушу мүмкүндүгү айтылган.

Аба күчтөрү жердеги аскерлерге колдоо көрсөтүү үчүн пайдаланылган. Операцияга деңиз аскер күчтөрүнүн десанттары катышып, Йемен түштүгүндөгү "Аль-Каиданын" согушкерлерине чабуул койгон. Аскер учактары, «Апач» үлгүсүндөгү тик учактар дагы абадан колдоо көрсөтүштү. Америкалык аскерлер кармаш 45 минутага созулуп, "Аль-Каиданын" 14 согушкери жана үч лидери жок кылынганын билдирди.

Окуя болгон жерде иш алып барган дарыгерлер жоготуулар жайкын тургундар арасында көп болгонун, отуз киши өлүп, анын ичинде ону балдар жана аялдар экенин маалымдашты.

АКШ аскер күчтөрүнөн бир жоокер каза таап, үчөө жаракат алган. Йемендеги аскердик операция Барак Обама бийликте турган учурда пландалган, бирок аны өткөрүү буйругун Трамп берди.

1-февраль күнү каза тапкан аскердин сөөгүн алып келген каттамды тосуп алуу үчүн Делавэрдеги авибазага Трамп кызы Иванка менен тик учак аркылуу учуп барды. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар