Порошенко: Украинанын НАТОго кошулушу боюнча референдум өткөрөм

Петр Порошенко НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Петр Порошенко НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен.

Украина НАТОго мүчө болуу үчүн референдум өткөрөт деп билдирди өлкөнүн Президенти Петр Порошенко германиялык Funke Mediengruppe журналистине берген интервьюсунда.

Президенттин сөзүнө таянсак, мурда референдум өткөрүүнү жарандардын 16 пайызы гана колдогон болсо, азыр 54 пайыз колдоо табат.

«Президент катары мен элдин пикири менен эсептешип, НАТОго мүчө болуу маселесин референдумга алып чыгам",-деди Порошенко.

Hamburger Abendblatt басылмасына жарыяланган интервьюсунда украин лидери, эгерде референдумда бул маселе колдоо тапса, анда өлкө Түндүк атлантикалык альянска мүчө болуу үчүн болгон аракеттин жумшай турганын белгилеген.

Буга чейин эле Петр Порошенко НАТО Украинанын стратегиялык максаты экенин айтып келген. Өткөн жылдын июль айында НАТОнун Варшавадагы саммитинде Украина альянс менен бир катар тармактар боюнча кызматташууга кол койгон.

Албетте бул аракеттер Кремлдин баш оорусу болуп келүүдө. Украин бийлиги болсо Орусияны өздөрүн аймактык түзүм кылып алган Донбасстагы "элдик республикаларга" курал жеткирип, жаңжалга түз аралашып жатат деп айыптап келүүдө. Москва бул айыптоолорду четке кагат.

29-январдан бери Донецктин жака белиндеги Авдеевка аймагында активдүү согуштук аракеттер жүрүп жатат. Тараптар оор куралдарды колдонуп жатат деп бири-бирин айыптап жатышат. Шаршембиде НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Орусияга кайрылып, ок атышууну токтотуу үчүн жикчилдерге өзүнүн "таасирин" колдонууга чакырган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар