Румынияда коррупция жөнүндө мыйзамга каршы акция өттү

Румынияда коррупция боюнча мыйзамга каршы акция өттү
Image caption Румынияда коррупция боюнча мыйзамга каршы акция өттү

Румыниянын баш кааласы Бухарестте мамлекетке каршы мурда болуп көрбөгөндөй массалык нааразылык акциялар өттү. Топтолгондор коррупция менен соттолгондорду бошотууну жеңилдетүү боюнча мыйзамды кабыл алууга каршы экенин билдиришти.

Мамлекеттик имараттын сыртында кеминде 150 миң адам чогулду. Нааразылык акцияга чыккан айрым адамдар полицияга күйүүчү заттарды ыргытып жатышты.

Талаш-тартыш жараткан мыйзам шейшемби окуудан өттү.

Премьер-министр Сорин Гринданьюну колдогон солчулдар түрмөлөрдө адамдар батпай калгандыгынан ушундай чечим керек болуп жатканын айтышты.

Бирок Гринданюнун сынчылары ал коррупцияга аралашкан өнөктөштөрүн чыгаруу аракетин көрүп жатат дешет.

Шаршембиде болгон бул акция Европа Биримдиги Румыния коррупцияга каршы күрөшүүдө артка кайтып бара жатат деген билдирүү жасагандан кийин болуп отурат.

"Коррупцияга каршы күрөш алдыга жылышы керек, кайра артка кайтпашы керек", - деди Европалык комиссиянын башчысы Жан Клод Жанкер.

"Румыниядагы окуяларга байкоо салып турабыз".

Бухаресттеги нааразылык акцияга чыккандар "Кызматыңардан кеткиле", "Уруулар, уруулар", деп кыйкырып жатышты.

"Биздин шансыбыз өтө аз, бирок буга карабастан күрөштү улантуу абдан маанилүү", - деди архитектор айым Габриела Константин.

Акцияга катышкан Николя Стансу: "Биз мыйзамды бузган кылмышкерлерден өлкөбүздү сактап калуу үчүн келдик; биздин укуктарыбызды жана кызыкчылыктарыбызды коргош үчүн чогулдук", - деди.