Вашингтон: Трамп Мексикага аскер жөнөтөм деп коркуткан эмес

Дональд Трамп Сүрөттүн автордук укугу AP

АКШ президенти Дональд Трамп мексикалык кесиптеши Энрике Пенья Ньето менен телефон сүйлөшүүсү учурунда америкалык аскерлерди жөнөтөм деп коркутканы тууралуу маалымат каражаттарына тараган кабарларды расмий Вашингтон менен Мехико четке кагууда.

Мексиканын Тышкы иштер министрлиги жана Ак үй ММКларга чыгып кеткен Трамп менен Энрике Пеньянын сүйлөшүүсү делген стенограмма так эмес деп билдирди. Мексика президентинин басма сөз катчысы Эдуардо Санчес билдиргендей, Трамп өзүнүн нааразылыгын сый гана билдирип, эч кандай аскер күчү менен коркутуу болгон эмес.

Ассошиэйтед пресс агенттиги өткөн аптада болгон президенттердин телефон сүйлөшүүсү делген текстти чыгарган болчу. Анда Дональд Трамп наркокартелдерди көзөмөлдөгөнгө күчү жетпей жатат деп Мексиканы айыптап, буга америкалык аскерлер кийгилишет деп опурулганы басылган.

Эки өлкө ортосундагы мамиле Трамптын чек арага дубал тургузуп, аны Мексика каржылайт деген демилгесинен кийин бир топ сууп турат. Мексика президенти Энрике Пенья Ньето өз өлкөсү курулушка бир тыйын да төлөбөйт деп билдирип, Вашингтонго күтүлүп жаткан расмий иш сапарынан баш тарткан.

Трамптын Австралиянын өкмөт башчысы Малкольм Тернбулл менен болгон телефон сүйлөшүүсү дагы медиада кызуу сөз болду. Качкындарды жайгаштыруу боюнча маселе тууралуу сөз болуп жатканда Трамп телефонду коюп салган. Бул сүйлөшүү башталгандан 25 минута убакыт өткөндө болгон.

Washington Post басылмасы Трамп муну күн бою жүргөн сүйлөшүүлөрдүн эң начары болду деп баалаганын жазып чыкты.

Өткөн жылдын ноябрь айында Вашингтон менен Канберра ортосунда Манус жана Науру аралдарындагы атайын борборлордо кармалып турган качкындарды АКШга жайгаштыруу боюнча макулдашуу болгон эле. Тернбулл бул сүйлөшүүнүн жүрүшү көңүлүн түшүргөнүн айтып, бирок “ачык жана чынчыл” маанайдагы сүйлөшүү болду деди. Трамп макулдашуу аткарыла турганын айтты деген Тернбулл. Бирок көп өтпөй эле жергиликтүү басылмалар бул маселе арабөк абалда калганын жазып чыгышты.

Тема боюнча башка макалалар