Румыниянын Cоода министри өкмөттү саткындык кылды деп айыптады

Өкмөттүн чечимине каршы 230 миңдей киши нааразылык жүрүшүнө чыкты. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Өкмөттүн чечимине каршы 230 миңдей киши нааразылык жүрүшүнө чыкты.

Румыниядагы соңку 28 жыл ичиндеги эң масштабдуу митингдердин фонунда Соода жана өндүрүш министри Флорин Жиану отставкасын жарыялады.

Өлкөдө коррупция менен соттолгондорго каралаган жеңилдиктер тууралуу мыйзамга каршы нааразылыктар күч алууда. Ал мыйзамга ылайык коррупция менен соттолгон чиновниктердин зыяны 200 миң лейден (47 миң 500доллар) аз болсо, аларды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу каралган.

Өкмөттүн чечимине каршы 230 миңдей киши нааразылык жүрүшүнө чыкты. Аларга каршы полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду. Расмий маалыматтарга караганда каршылык акциясына чыккандардын экөө жана эки полиция кызматкери жеңил жаракат алган.

Кызматынан кетип жаткан министр өкмөт өзүнүн тарапташтарын сатып кетти деп билдирүү жасады. Жиану "Фейсбуктагы" баракчасына кызматтан кетип жатканын баласынын алдындагы жоопкерчилик менен байланыштырды:

"Бир топ жыл өткөндөн кийин мен анын көзүн кантип карайм, эмне деп жооп берем?”-деп жазды Жиану.

Алты өлкө –анын ичинде Германия, Франция жана АКШ билдирүү менен чыгып, Румыниянын эл аралык репутациясы коркунучта турганын эскертти. Румыния бийлиги коррупционерлердин кылмышын жеңилдетүү боюнча өзгөртүүлөрдү түрмөлөргө соттолгон кишилердин батпай калгандыгы менен түшүндүргөн. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар