Авдеевкада мектеп жана стадион аткылоого кабылды

Авдеевкада танкалар Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption ЕККУ байкоочулары келишимде тыюу салынган оор куралдар эки тарапта тең бар экенин тастыктаган. Ошондой эле Би-би-си кабарчысы Том Барридж Авдеевкада танкаларды көргөн.

Украинанын Донецк облусунун расмий бийлиги өздөрүн аймактык түзүм катары жарыялаган ДЭРди Авдеевкада мектепти жана стадионду аткылоого алганы үчүн айыптады. Анын кесепетинен эки киши набыт болгону айтылды.

Облустук администрациянын жетекчиси Павел Жебривскийдин айтымында, стадиондо чатырларда баш калкалап жаткандар бар эле, ал эми мектепте гуманитардык жардамдар чогулутулуп жаткан. Аткылоодон эки киши каза таап, дагы экөө жарадар болду деди жергиликтүү бийлик өкүлү.

Мунун алдында эле украин аскерлери орусиячыл жикчилдердин аткылоосунан төрт жоокери каза тапканын билдирген эле. Дагы тогуз аскер кызматкери жаркат алганын кабарлаган.

Ѳздөрүн Донецк элдик республикасы атаган экинчи тарап ок атууну баштады деп украин аскерлерин күнөөлөп жатат. Алар бейшембидеги ок атуулар бир жайкын тургундун өмүрүн алып, 10 киши жаркат алганын билдиришти. ДЭР Донецк облусунун бир катар райондорун көзөмөлдөп турат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Авдеевкадагы кырдаал гуманитардык бүлгүнгө жакын дейт жергиликтүү бийлик.

Эгер бул маалыматтарга таянсак, анда бейшембиде болгон ок атышуулардан жалпысы болуп беш киши набыт кетип, 21 адам жаракат алган. Азырынча каза тапкандар жана жаракат алгандар боюнча так маалымат берген көз карандысыз булак жок.

Жаңжалдашып жаткан тараптар бири-бирин реактивдүү артиллерия колдонду деп айыпташууда. ЕККУ байкоочулары келишимде тыюу салынган оор куралдар эки тарапта тең бар экенин тастыктаган. Ошондой эле Би-би-си кабарчысы Том Барридж Авдеевкада танкаларды көргөн. Бирок украин аскерлери оор артиллерия жана танкадан ок чыгарылбаганын айтып жатышат.

Авдеевкадагы кырдаал өткөн жекшембиден тарта курчуп кетти. Бир жарым айдан берки эң чоң жоготуулар болду. Тараптар биринчи ок атууну баштады деп бири-бирин күнөөлөп жатышат.

Орусия Президенти Владимир Путин козголоңчулардын таламын талашты. Анын пикиринде, жаңжалдын өрчүшүнө украин тарап чагым салып туруп, анан өздөрүн агрессиянын крмандыгы көрсөткүсү келүүдө.

Украина Президенти Петр Порошенко Авдеевкадагы кырдаалдын курчушуна орусиячыл согушкерлер күнөлүү деди. Ал украин аскерлеринин турумдарына жана жайкын тургундарга реактивдүү артиллериядан аткылоо болгонун белгиледи. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар