Тамак-аш сатып алуу үчүн эмгектенген тажикстандык тестиерлер

Тахмина магалимдик кесип тууралуу кыялданчу эле. Бирок ал 9-классты бүткөндөн кийин мектептен кетүүгө арагасыз болду. Ата-энесине каралашып, үй-бүлөдөгү муктаждык үчүн иштеши керек. 10 жаштагы Шерзад учкуч болууну кыялданганы менен азырынча унаа жууп иштөөгө аргасыз.

Тажикстанда бул сыяктуу балдардын окуялары кадимки көрүнүш сыяктуу. Алар өз максаттарына умтулуп, окуп, билим алгандын ордуна өзүн жана үй бүлөсүн багуу үчүн эмгектенишет. Ѳлкөдө балдардын эмгегин пайдаланууга каршы мыйзам болгону менен бул көйгөй чечилбей эле кала берген. Анын себеби эле ушул, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн кесепети, миграция, жумушсуздук.

Боконосу ката элек кезинен оор жумуштарга тартылган балдардын көбү мигранттардын бүлөсүнөн. Балдар өз алдынча иштеп, өзүнүн муктаждыктары үчүн каражат таап, бүлөсүнө кол кабыш кылышат. Би-би-синин орус кызматынын Дүйшөмбү шаарындагы кабарчысы Анора Саркорова ушундай балдардын айрымдарына жолуккан. Алардын аты-жөнү өзгөртүлүп берилди.

Тахмина, 16 жашта.

балдар Сүрөттүн автордук укугу KALANDAROV NOZIM/TASS

Биздин үй-бүлөдө балдардын улуусумун. Менден кичүү иним 13 жашта, сиңдим 11 жашта. Ата-энем оорукчан кишилер. Атамдын жүрөк оорусу бар, ал дээрлик төшөктөн турбайт. Ал көп жыл милиция тармагында иштеп, ден соолугуна байланыштуу жумушунан бошогон. Аны өтө кымбатка турган операция жасаткандан кийин кайра иштесе болот деп айтышкан экен. Бирок андай каржатты табуу мүмкүн эмес болду. Ал тургай атама майып болуп калгандыгын тастыктап, документ чогултуу, пенсияга чыгарууга бир топ документтер кетет экен. Атамдын акыбалы ал болсо, ким мунун баарын жасамак эле. Апам мага үйдө каралашат. Бизде туугандар абдан көп, бирок бирөө дагы жардам бербейт.

балдар Сүрөттүн автордук укугу KALANDAROV NOZIM/TASS

Мен жарым күн бала багып иштейм. Түштөн кийин кулинария, тикмечилик боюнча атайын курска барам. Бала баккан кызматым үчүн 400 сомони алам (50 доллар), бул каражатка бүлөбүздүн турмушу өтөт. Менин айлыгым үй-бүлөдөгү жалгыз киреше булагы. Иним менен сиңдим мектепти жакшы окуп, кийин жогорку окуу жайына тапшырса, бир кесиптин ээси болсо деп кыялданам. Алар үчүн күнү-түнү иштөөгө даярмын.

Ар дайымкы жетишпестик мени үнөмдүү болууга үйрөттү. Айлыгымды ар айга бөлүштүрүп, тамак-аш, кийим-кече, коммуналдык кызматтар, дары-дармекке коротобуз. Көбүнесе тамак-ашка 300 сомониге чейин коротобуз. Айына 2 кг эт сатып алсак жетиштүү болот. Албетте бир туугандарым каалаган нерселерди мен сатып бере албайм, аларга түшүндүргөнгө аракет кылам. Жакында эле мен иниме жумуш таптым. Бир таанышым мобилдик телефондорду оңдочу, ошого ээрчитип бардым. Эми ал сабагынан чыгып, ошол жакка барып иштеп жатат. Ал өзүнүн биринчи иштеп тапкан акчасын алып келди,10-15 сомони. Бул өзүнүн муктаждыгына кадыресе жарап калат.

Шерзод, 10 жашта.

бала Сүрөттүн автордук укугу DAVYDOV OLEG/TASS

Мен унаа жууп, гезит, пакет сатып иштейм. Жумуш табыш өтө кыйын. Кишилерде акча жок. Базар бизди куткарып жатат. Ал жакка барып пакет сатам.

Атам миграцияда, апам болсо үйдө. Азыр атам Орусияда каатчылык деп, акча салбай жатат. Мен үй-бүлөдөгү улуу бала болгон үчүн иштеп, апама, бир туугандарыма каралашууну чечтим. Апам жана үч карындашым эми мен тапкан каражатка жашап калды. Унаа жууган деле жакшы жумуш, бирок мен кичинекей болгондуктан көбүнчө чоң балдардан артпайт. Бир нече жолу милицияга кармалдым. Апамдын чакырып, аябай тилдеп туруп, алдына салып беришти. Бирок мен мектепти таштаган жокмун да, сабактан кийин иштеп жатам. Учкуч болуу кыялым бар. Бирок ал ишке ашабы же жокпу, айтуу кыйын. Кээде иним мени менен иштегиси келет. Бирок аны тилдеп ээрчитпейм, анткени иш оор. Апам экөөбүз телевизордон жаңылыктарды такай көрүп турабыз. Орусияда баары жакшы болуп, атам жакшы иштеп келсе экен дейбиз да. Атам жакшы иштеп келип, бул жакта эле жумуш тапса, биз аны сагындык. Апама абдан оор болду…

Нилуфар, 14 жашта

Базар Сүрөттүн автордук укугу DAVYDOV OLEG/TASS

Апам үйдө, атам болсо уста, буюрутма менен барып үйлөрдү ремонт кылат. Кышындасы атам жумушу жок олтуруп калат. Ошондуктан бизде жетпеген жашоо. Үй-бүлөдө алты бала бар, чоң энем дагы биз менен турат. Мен күндө эрте менен туруп сүт сатам. Сүттү чоң энем айылдан алып келет. Кичине кошуп саткан акчабыздан 20 сомони (2 доллар) пайда табабыз. Ага азык-түлүк алабыз. Унду энемдин пенсиясына сатып алабыз. Бир айлык пенсияга бир кап ун келет. Мен дарыгер болгум келет. Бирок ал окуу жайга окуганга мүмкүнчүлүк болобу, аны билбейм.

Эл аралык уюмдардын жана Тажикстандын өзүнүн иликтөөсү боюнча, өлкөдө 5 жаштан 17 жашка чейинки 2,2 млн баланын 23 пайызы эмгектенет.

15-17 жаштагы эркек балдардын арасындагы көрсөткүч 45, 5 пайыз. Бирок 5 жаштан 11 жашка чейинкилердин көрсөткүчү 10,7 пайызды түзөт. Бул төрт жыл мурун жүргүзүлгөн жалгыз гана иликтөө. Соңку жылдары Орусиядагы эмгек мигранттарынын абалынан улам бул маселе кайра курчуп жатканын расмийлер деле четке какпайт. Тажикстан балдар укугу боюнча бир канча эл аралык укуктук актыларга жана Конвенцияга кол койгон. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар