АКШ: Орусия Крымды кайтарып бергенге чейин санкциялар алынбайт

Никки Хейли Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption АКШнын БУУдагы жаңы дайындалган өкүлү Никки Хейли.

АКШнын БУУдагы жаңы дайындалган өкүлү Никки Хейли Орусияга каршы санкциялар Крым Украинага кайтарылганга чейин күчүн жоготпойт деп билдирди. Ошондой эле Хейли Орусияны Украина чыгышындагы “агрессивдүү аракеттери” үчүн айыптады.

"Биз Орусия менен мамилени жакшыртууга чын дилибизден кызыкдарбыз. Бирок Украина чыгышындагы оор кырдаал Орусиянын аракетине ачык жана катаал сын айтууну талап кылып жатпайбы”,-деди Никки Хейли өзүнүн БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги алгачкы сөзүндө.

Хейли Вашингтон Крымды азыр деле Украинанын аймагы катары тааный турганын эске салып, Орусияны жарым аралды оккупациядан бошотууга чакырды.

Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин буга жооп кылып, Крымдын тургундары жарым аралдын Орусиянын курамына кошулушун жактап добуш бергенин айтты. АКШ элдин эрки деп Баш мыйзамы аркылуу жар салып жүргөнүн эскертип, Крымдын эли дагы референдум аркылуу өз эркин көрсөттү деди.

Украина өлкө чыгышындагы кырдаалды жайгарууга эмес, аскердик жаңжал менен чечүүгө аракет кылып жатат деди Коопсуздук кеңешинин жыйынында Чуркин. Соңку күндөрү Донбасстагы кырдаал курчуп, ок атышуулар уланууда. Эки тараптан тең жоготуулар бар.

Январдын ортосунда Барак Обама 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин киргизилген санцияларды бир жылга узартуу чечимин кабыл алган. Бул санкциялар Украина чыгышындагы жаңжалга байланыштуу бир топ жолу кеңейтилди. Америка бийлиги жаңжалга Орусия таасир этип жатканын айтып айыптаса, расмий Москва айыптоолорду четке кагып келүүдө.

2016-жылдын декабрында Вашингтон президенттик шайлоо учурунда хакердик чабуул жасады деп, Орусияга жаңы санкцияларды киргизген. Москва бул айыптоону кескин жокко чыгарды. Бейшембиде АКШнын каржы министрлиги киберчабуул боюнча киргизилген санция күчүн жоготконун билдирди. Бирок Ак үй мунун менен Орусияга болгон мамиле өзгөрдү деп айтууга болбойт деп белгиледи.

Дональд Трамп президенттик кызматка киришкенден бери бир нече ирет Орусияга каршы санкцияларды алуу тууралуу сөз кылды. Ал Орусия менен мамилени жакшыртуу каалоосун билдирип келди. Бирок азыр Орусияга каршы санкцияларды жакынкы күндөрдө албай турганын убадалап жатат. (AbA)