Сеул КЭДРдин коопсуздук министри кызматтан кеткенин кабарлады

Ким Вон Хон Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Ким Вон Хон 2012-жылы Мамлекеттик коопсуздук боюнча министрликтин башына келген. Ал Түндүк Кореядагы таасирлүү саясатчылардын бири эсептелчү.

Түндүк Кореянын Мамлекеттик коопсуздук боюнча министри Ким Вон Хон коррупция боюнча айыпталып, кызматынан алынганы тууралуу маалыматты түштүк кореялык бийлик өкүлдөрү таратууда.

Маалыматка караганда, КЭДР лидери Ким Чен Ындын жакын кишиси саналган Вон Хон кызматынан январь айында эле алынган. Сеулдун ырастоосунда Вон Хон коопсуздук кызматындагы кыйноолор боюнча да айыпталып жатат.

Пхеньян азырынча бул отставка боюнча билдирүү жасаган жок. Ким Вон Хон 2012-жылы Мамлекеттик коопсуздук боюнча министрликтин башына келген. Ал Түндүк Кореядагы таасирлүү саясатчылардын бири эсептелчү. 2013-жылы Ким Чен Ындын жездеси Чан Сон Тхэкти камакка алуу жана өлүм жазасына тартуунун башында тургандардын бири болгон.

Өткөн жылдын июль айында Түштүк Корея бийлиги КЭДРдин билим берүү боюнча вице-премьер министри Ким Ён Чжин өлүм жазасына тартылганын айтып чыккан. Ал эми партиянын борбордук комитеттин пропаганда бөлүмүнүн жетекчи орун басары Че Хи түзөтүү абагына кесилгени белгилүү болгон. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар