Авдеевка менен Донецктеги атышуулардын жаңы курмандыктары

Украина чыгышындагы жаңжалдын эң курчуган очогу Авдеевкада болуп жатат. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Украина чыгышындагы жаңжалдын эң курчуган очогу Авдеевкада болуп жатат.

Украина чыгышындагы түн ичинде жанданган ок атышуулардан набыт кеткендер болду. Донбасстагы операция жүргүзүп жаткан украин армиясынын штабы өткөн суткада төрт аскер каза таап, он жетиси жаракат алганын кабарлады.

Өздөрүн аймактык түзүм катары жарыялаган ДЭР өкүлдөрү Донецк аймагына атылган октордон эки жайкын тургун каза тапканын айтууда. Украин аскерлери Донбасста бир суткада 114 ирет ок атуу болгонун каттоого алышкан.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Стадионго жылуу чатырларды тигип, талаа ашканасын уюштуруп, үйүндө электр жарыгы жана жылуулук жок тургундарга жардам көрсөтүлүп жатат.

Эң оор абалга Донецктин чет жакасындагы Авдеевка шаарчасы кабылды дейт Би-би-си кабарчысы. Украина чыгышындагы жаңжалдын эң курчуган очогу Авдеевкада болуп жатат.

Украинанын Донецк облусунун расмий бийлиги өздөрүн аймактык түзүм катары жарыялаган ДЭРди Авдеевкада мектепти жана стадионду аткылоого алганы үчүн айыптаган. Анын кесепетинен эки киши набыт болгон. Мектепке аткылоо болгон учурда британдык фотожурналист Кристофер Нанн жаракат алганы кабарланып жатат. Дарыгерлер ал бир көзүнөн айрылып калганын билдирген.

Ошол эле учурда өдөрүн аймактык түзүм катары жарыялаган ДЭРдин командачылыгынын өкүлү Эдуард Басурин Интерфакс агенттигине, өткөн түнү Донецк артиллериялык аткылоонун алдында калганын айтты. Шаарда эки жайкын тургун набыт болуп, он киши жаракат алды дейт Басурин.

Жаңжалдашып жаткан тараптар бири-бирин реактивдүү артиллерия колдонду деп айыпташууда. Келишимде тыюу салынган оор куралдар эки тарапта тең бар экенин тастыктаган мисалдар айтылып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Авдеевка тургундары электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, суу жана жылуулук берилбей калганын айтып беришти. Аймакта -18 градус суук болуп жатат.

Авдеевкадагы мектепти жана стадионду аткылоого алган учурда, ал жерде шаардыктарга гуманитардык жардам бөлүштүрүлүп жаткан. Бул тууралуу Донецк облустук администрациянын жетекчиси Павел Жебривский “112” телеканалына берген маегинде билдирди. Аткылоодон эки киши каза таап, үчөө жарадар болгон. Стадионго жылуу чатырларды тигип, талаа ашканасын уюштуруп, үйүндө электр жарыгы жана жылуулук жок тургундарга жардам көрсөтүлүп жаткан экен. Жергиликтүү бйилик бул жайды кайра калыбына келтирүү аракетин көрүп баштаган.

Гуманитардык катастрофа

Украина Президенти Петр Порошенко "Фейсбук" баракчасына Авдеевка гуманитардык бүлгүнгө учуроо алдында турганын жазды.

Донбасстагы жекшембиден тарта куручган кырдаал дал ушул шаардан башталган. Авдеевка тургундары электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, суу жана жылуулук берилбей калганын айтып беришти. Аймакта -18 градус суук болуп жатат.

Бейшембиде Орусия Президенти Владимир Путин Донбасстагы кырдаалдын курчуп жатышы боюнча пикирин билдирди. Ал жаңжалдын өрчүшүнө украин тарап чагым салган дейт. Украин бийлиги муну менен АКШ жана Евробиримдиктен акча алууну үмүт кылып, Минск келишимин аткаруудан качып жатат деди.

Порошенко буга жооп кылып, жаңжалдын күчөшүнө байланыштуу жоопкерчилик Москванын моюнунда деп билдирүү жасады. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар