Румынияда жүз миңдеген кишилер өкмөттүн отставкасын талап кылууда

эң масштабдуу демонстрация Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Бул Румыния тарыхындагы 1989-жылы коммунистик режим кулагандан берки эң масштабдуу демонстрация болуп калды.

Румыния баш калаасы Бухаресте жүз миңдеген кишилер демонстрация өткөрүп, өкмөт отставкасын талап кылды. Мунун алдында эле өкмөт бул каршылык акцияларына себеп болгон токтомун артка чакыртып алган эле.

Жекшембиде румын бийлиги коррупция менен соттолгон чиновниктердин зыяны 200 миң лейден (47 миң 500доллар) аз болсо, аларды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу тууралуу мыйзам долбоорун артка чакыртып алган. Бул мыйзам масштабдуу нааразылык жүрүштөрүнүн чыгышына себеп болгон эле. Бирок ошого карабастан коомчулук арасында өкмөткө болгон ишенбестик жаралып, каршылык маанай өкүм сүрүүдө. Өкмөт бул токтомун парламенттин оңдоп-түзөөсүнөн кийин кабыл алат деген кооптонуулар айтылып жатат.

Нааразылык жүрүштөрү алты күндөн бери уланууда. Франс пресс агенттигинин маалыматына караганда, Бухаресте жана башка румын шаарларында жалпысы болуп 500 миңдей киши каршылык жүрүштөрүнө чыкты.

Бул Румыния тарыхындагы 1989-жылы коммунистик режим кулагандан берки эң масштабдуу демонстрация болуп калды.

Өкмөттүн коррупция боюнча токтому 10-февралдан тарта күчүнө кирмек. Ал мыйзам коррупция боюнча айыпталып, абакта жаткан ондогон саясатчылардын кылмышын жеңилдетмек. Румыния бийлиги коррупционерлердин кылмышын жеңилдетүү боюнча өзгөртүүлөрдү түрмөлөргө соттолгон кишилердин батпай калгандыгы менен түшүндүргөн.

Батыштын алты өлкөсү, анын ичинде Германия, Франция жана АКШ билдирүү менен чыгып, Румыниянын эл аралык репутациясы коркунучта турганын жана Евробиримдик, НАТО менен кызматташтык үзүлүп калышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар