Кейт, Уильям жана Гарри марафончулардын арасында

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Ханзаада Уильям жана Гарри, ошондой эле ханзаада Уильямдын жубайы Кембриж герцогинясы кайрымдуулук үчүн өткөрүлгөн эстафетада бири-бири менен жарышууга мүмкүнчүлүк алды.

Ханзаада Уильям жана Гарри, ошондой эле ханзаада Уильямдын жубайы Кембриж герцогинясы кайрымдуулук үчүн өткөрүлгөн эстафетада бири-бири менен жарышууга мүмкүнчүлүк алды.

Социалдык өнөктүк психикалык дарттан жабыркагандарды кодулоого каршы өтүп, аны Heads Together демилгелеген.

Королдук үй бүлө мүчөлөрү королева Елизаветанын олимпиадалык паркында бул өнөктүктү колдоп келген 150 жөө күлүктүн арасына кошулду. Үчөөнүн жарышынан ханзаада Гарри утуп чыкты.

Королдук үй бүлөнүн үч мүчөсү ар дайым социалдык өнөктүктөргө активдүү катышып, психикалык дарттан жабыр тарткандарды чүнчүп, тартынып, коомдон качпай, илдет менен күрөшкүлө деп үндөп келет.

Февраль башында ханзаада Гарри Лондондогу тез жардам кызматында болуп, кызматкерлер менен баарлашкан. Ал кызматкерлерди жумуш учурунда оор кырдаал болгон жерлерге кечикпей барууга чакырган эле.

Тектеш темалар