Фрэнк Лэмпард карьерасын жыйынтыктады

Фрэнк Лэмпард Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Англиянын улуттук курама командасынын, лондондук «Челси» жана "Манчестер Сити" футбол командаларынын мурдагы жарым коргоочусу Фрэнк Лэмпард спорттук карьерасын жыйынтыктаганын билдирди.

Лэмпард өзүнүн акыркы футбол клубу "Нью-Йорк Ситиден" 2016-жылдын ноябрь айында кеткен. Эми ал футболдогу карьерасын машыктыруучу катары улантуу үчүн уруксат алууну көздөп жатат.

"21 жылга созулган унутулгус жылдардан кийин профессионал футболчу катары карьерамды жыйынтыктоону туура көрдүм. Мага өз өлкөмдөн да, чет жактардан да ойногонго сунуштар түштү. Менимче, 38 жашыңда өмүрүңдү жаңы барактан жазып башташ керек»,-деп жазды Лэмпард өзүнүн "Инстаграмдагы" баракчасына.

Лэмпард Англия футболунун тарыхындагы өз доорунун эң мыкты оюнчусу катары саналган футболчулардын бири. Ал "Челсиге" 2001-жылы келип, атаандаштарынын дарбазасына 211 гол киргизип, клубдун тарыхындагы эң мыкты чабуулчу катары таанылды. Футбол боюнча Англия улуттук курама командасында 59 расмий беттеш өткөрүп, 19 гол киргизген.

"Мен ойногон клубдардын баарына ыраазычылык билдирем. Биринчи кезекте, 1996-жылы алгач ирет ойгонгон клубум "Вест Хэмге! Менин абдан жаш экениме карабай ишеним көрсөткөн кишилерге рахмат! Ошондой эле "Манчестер Ситиге" "Нью-Йорк Ситиге" ыраазычылык. Бирок менин жүрөгүмдүн көп бөлүгү «Челсиге» арналган»,-деп жазды Лэмпард.

Тектеш темалар