Стюардесса кулчулукка кабылган өспүрүм кызды куткарган

Шелиа Федрик Сүрөттүн автордук укугу SHELIA FRERICK
Image caption Шелиа Федрик бул окуя тууралуу журналисттерге айтып берип жатып, абдан жакшы кийинген кишинин жанында олтурган жүдөңкү кызды көргөндө эле көңүлү ооруганын эскерди.

Alaska Airlines авиакомпаниясынын стюардессасы учактын ажатканасына калтырылган кат аркылуу кулчулукка сатылып бараткан кызды куткарган.

Шелиа Федрик бул окуя тууралуу журналисттерге айтып берип жатып, абдан жакшы кийинген кишинин жанында олтурган жүдөңкү кызды көргөндө эле көңүлү ооруганын эскерди. «Ѳспүрүм «тозоктун отун кечип келгендей» өңүнөн азган эле»,-деп айтып берген ал Эн-би-сиге.

Жанындагы киши кыз менен сүйлөшүүгө стюардессага мүмкүнчүлүк берген эмес. Федрик байкатпай кызга белги берип, ажатканага кирүүсүн түшүндүргөн. Ал жерге көрүнө турган кылып кызга кат калтырган. Кыз дагы катты окуп, ага жооп кылып жардам керектигин жазган экен.

Иш жүзүндө ал өспүрүм кыз адам сатуу менен алектенгендердин курмандыгы болгону белгилүү болду. Стюардесса Федрик бул болуп өткөн окуяны учкучтарга айтып, алар полицияга билдирүү берген.

Бул окуя 2011-жылы болсо да эми гана ММКларга тарады. Airline Ambassadors деп аталган кайрымдуулук уюму учактагы экипаждын мүчөлөрүнө адам сатуу боюнча маалымат берген өнөктүк жүргүзүүдө.

Куткарылган кыз азыр коллежде билим алат. «Ал азырга чейин өзүн куткарып калган стюардесса менен бекем байланышта» деп кабарлайт 10News телеканалы.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар