Саркози сот алдында жооп берет

Франциянын мурдагы Президенти Николя Саркози Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Франциянын мурдагы Президенти Николя Саркози 2012-жылдагы шайлоодогу үгүт өнөктүгүнө сарпталган мыйзамсыз каражат боюнча сот алдында жооп бере турган болду.

Ал шайлоодо Саркози социалисттердин талапкери Франсуа Олландга утулуп калган эле. Тергөө анын «Элдик кыймыл үчүн биримдик» (UMP) партиясы жасалма документ аркылуу 2012-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда көрсөтүлгөн каражаттан ашыкча сарпталган 18 млн евро акчаны жашырган деп шек саноодо.

Экс-президент көрсөтүлгөн чектен ашыкча каражат сарпталып кеткенин билбей калдым деп бир нече ирет айтканы бар. Ошондой эле Саркозиден сырткары 13 киши (алардын арасында партиянын мурдагы түзүүчүлөрү да бар) отчетту фальсификациялаган деп шектелүүдө.

Бул иш боюнча иликтөөлөр 2014-жылы башталган. Тергөө маалыматына караганда, документтерди махинация кылып, ашыкча чыгымдарды жабуу иши Бигмалион" жарнамалык фирмасы аркылуу ишке ашкан.

Саркози 2012-жылы президенттик шайлоодон утулуп калган эле. 2016-жылы болсо талапкерлигин көрсөткөнү менен праймеризден жеңилип калды.