Түркияда төңкөрүшкө байланыштуу кызматтан кетирүү уланууда

Режеп Тайип Эрдоган Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ѳткөн жылдын июль айындагы ишке ашпай калган аскер төңкөрүшүнө катыштыгы бар деп шектелген он миңдеген кишилер Президенттин буйругу менен камакка алынган.

Түркиянын бийликтери төңкөрүшкө катыштыгы бар делген мамлекеттик кызматкерлерди тазалоо чарасынын жүрүшүндө дагы төрт жарым миңдей кишини жумушунан алды.

Кызматынан кеткен 4464 кишинин 2585и билим берүү тармагынын адистери, 893 жандармерия кызматкери, 88 киши TRT коомдук телеканалынын кызматкерлери.

Төңкөрүш аракети ишке ашпай калгандан кийин, өлкө Президенти Режеп Тайип Эрдоган мунун артында белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен турат деп күнөөлөгөн. АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар делген айыптоолорду кескин четке кагып келүүдө. Ага карбай Түркия Фетхуллах Гүленди террордук уюмдун лидери атап, мекенине экстрадициялоо талабын билдирип жатат.

Ѳткөн жылдын июль айындагы ишке ашпай калган аскер төңкөрүшүнө катыштыгы бар деп шектелген 41 миңге чукул киши камакка алынды. Андан сырткары жумушунан бошотулгандар 100 миңге чамалайт. Булардын баарын бийлик ишке ашпай калган аскер төңкөрүшүнө катыштыгы болгон деп күнөөлөп жатат. Тазалоо чараларына көбүнчө полиция, соттор, мугалимдер, журналисттер кабылууда.