АКШнын сенаты Башкы прокурорду бекитти

Сешнстын бул кызматка келүүсүнө 52 сенатор макулдук берди, 47си каршы добуш берди. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сешнстын бул кызматка келүүсүнө 52 сенатор макулдук берди, 47си каршы добуш берди.

АКШ сенаты Дональд Трамп тарабынан Башкы прокурорлук кызматка сунушталган Жефф Сешнстын талапкерлигин жактырды. Сешнстын бул кызматка келүүсүнө 52 сенатор макулдук берди, 47си каршы добуш берди.

Сенатта катуу талаш талкуулар жүрдү. Мындан бир күн алдын Президент Дональд Трамп министрлерди дайындоону кечеңдетип, президенттик администрациянын ишине тоскоол болуп жатат деп демократ конгрессмендерди айыптаган.

Президенттин инаугурациясынан бери үч апта убакыт өтсө да, анын администрациясындагы жетекчилик кызматка дайындоолор кечеңдеп жатат. Администрацияда 21 жетекчилик кызмат болсо, Сешнс талапкерлиги жактырылган жетинчи министр болду.

Жефф Сешнс Алабама штатынан чыккан республикачыл сенатор. Анын талапкерлиги Трамп тарабынан өткөн жылдын ноябрь айында, президенттик шайлоодон кийин эле көрсөтүлгөн. Сешнс 20 жылдан бери сенаттын мүчөсү, палатада ал эки комитетти жетектеген. Анын бири миграция маселеси боюнча комитет. Сешнс мыйзамсыз миграцияга карата катаал көз карашын бир нече ирет билдиргени бар.

Тема боюнча башка макалалар