Орусиянын аба чабуулунан үч түрк аскери набыт болду

Мунун алдында Түркиянын колдоосу астында сириялык козголоңчулар Аль-Бабдын батыш тарабын ээлеген. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Мунун алдында Түркиянын колдоосу астында сириялык козголоңчулар Аль-Бабдын батыш тарабын ээлеген.

Сирияда Орусиянын аба күчтөрүнүн соккусунан үч түрк аскери каза тапты. Бул окуяга байланыштуу Владимир Путин түрк лидери Режеп Тайып Эрдоганга көнүл айтты.

Түркиянын Башкы штабы дагы 11 аскер кызматкери жаракат алгандыгын кабарлаганын Ассошиэйтед пресс жазып чыкты. Орусиялык күчтөр өткөн жыл соңунан бери түркиялык жөө аскерлер операция өткөрүп жаткан Аль-Баб шаарына бомба чабуулун жасаган.

Чабуулдун бутасы өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топтун согушкерлери болгон деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлиги.

Түркиянын башкы штабынын маалыматында, бейшембиде эрте менен орусиялык учактар кокусунан түрк аскерлери турган имаратка зыян кылганы айтылды. Ал жерде "Ефрат калканы" операциясына катышып жаткан аскерлер болгон деди түрк тарап.

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Сирияда каза тапкан үч жоокердин сөөгү бейшембиде Анкарада жерге берилди.

Мунун алдында Түркиянын колдоосу астында сириялык козголоңчулар Аль-Бабдын батыш тарабын ээлеген. Бул жер Түркия менен чек арадан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Түркиялык ММКлар соңку күндөрү бул аймакта 10 түрк аскери каза тапканын жазууда. Доган агенттиги өткөн жылдын август айынан тарта Сирияда 66 түркиялык аскер набыт болгонун жазды.

Путин менен Эрдоган соңку окуяны биргелешип иликтөө боюнча макулдашты. Ошондой эле Сириядагы өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган террордук топко каршы аскердик аракеттерин координациялоо тууралуу сөз болгон.

Орусиянын башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов менен түркиялык кесиптеши Хулус Акар дагы телефон аркылуу сүйлөшүп, Сириядагы аракеттерин тыгыз кызматташтыкта координациялоону макулдашкан.

2015-жылдын ноябрында Түркиянын Аба күчтөрү орусиялык Су-24 аскер учагын Сирия менен чек арасына жакын жерде атып түшүргөн эле. Бул окуядан Москва менен Анкара ортосундагы мамиле кескин курчуп кеткен.

Ортодогу мамиле 2016-жылдын жай айынан тарта оңоло баштады. Өткөн жылдын соңунда эки өлкө Сирияда биргелешкен аракетке өттү. Алардын демилгеси менен Алепподогу козголоңчулардын чыгып кетиши боюнча макулдашуу болуп, кийин Сириянын бардык аймагында ок атышпоо келишимине жетишүү аракеттерин жүргүзүп келүүдө. Ок атышпоо келишиминин "Ислам мамлекети" террордук тобуна тишеси жок. Сирияда эки өлкөнүн биргелешкен операциясы январь айында өткөн эле.

Тектеш темалар