Түндүк Корея баллистикалык ракета сыноосу ийгиликтүү болгонун билдирди

Түндүк Кореянын ЦТАК агенттиги өлкө лидери Ким Чен Ын өткөрүлгөн сыноого көз салып олтурганын жазды.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Түндүк Кореянын ЦТАК агенттиги өлкө лидери Ким Чен Ын өткөрүлгөн сыноого көз салып олтурганын жазды.

Түндүк Корея бийлиги өткөрүлгөн баллистикалык ракета сыноосу ийгиликтүү болгонун расмий маалымат каражаттары аркылуу кабарлады.

Түндүк Кореянын ЦТАК агенттиги өлкө лидери Ким Чен Ын өткөрүлгөн сыноого көз салып олтурганын жазды. Ошондой эле маалыматта баллистикалык ракета коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн кыска аралыкка гана коео берилгени белгиленген.

Буга чейин Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги ракета Япон деңизи тарапты көздөй 500 чакырым аралыкка атылганын маалымдаган. Түштүк кореялык аскерлердин болжолунда, сыноодон өткөн орточо радиустагы "Родон" баллистикалык ракетасы болушу мүмкүн.

Пхеньяндын баллистикалык ракетаны сыноодон өткөргөнү тууралуу кабарлар АКШ Президенти Дональд Трамп менен Япониянын премьер-министрии Синдзо Абэнин жолугушуусуна туура келди. Түндүк Кореянын бул аракетин НАТО, Евробиримдик, АКШ жана Япония, Түштүк Корея бийлиги сынга алды.

Ким Чен Ын 1-январдагы теле кайрылуусунда, Пхеньян континент аралык баллистикалык ракета жасоонун соңку баскычына келип калды деп айткан эле. Өз сөзүндө өлкө лидери , "КЭДРди Чыгыштагы аскердик өлкө" деп атап, аны жеңүүгө эң күчтүү душмандын да кудурети жетпейт деген.

3-февралда Пентагон жетекчиси Жеймс Мэттис Түштүк Кореядагы иш сапары учурунда, КЭДР тарабынан АКШнын союздаштарына өзөктүк кол салуу жасалса, анда анын жообу кыйраткыч мүнөздө болот деп билдирген.