Австрияда Гитлердин «түспөлдөшү» камакка алынды

Улутчулдукту жана Гитлерди даңазалоо Австрияда кылмыш катары каралат. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Улутчулдукту жана Гитлерди даңазалоо Австрияда кылмыш катары каралат.

Австрияда улутчулдардын лидери Адольф Гитлерге окшошкусу келген 25 жаштагы жигит камакка алынды. Ага улутчулдукту даңазалады деген айып тагылууда.

Жаш жигит өзүн Гаральд Гитлер деп атап, Гитлер туулган Браунау-ам-Инн шаарындагы үйдүн жанында сүрөткө түшкөн.

Жергиликтүү полиция Би-би-сиге билдиргендей, камакка алынган жигит жакында эле Германия менен чек арадагы шаарчага келген. Ага чейин аны Венадан жана Грацадан көрүшкөн экен. Полиция бул жаш жигиттин кылыгы тамаша да, артисттик өнөр дагы эмес, ал өзүнүн образына абдан олуттуу мамиле кыла баштаган деди.

Австриялык интернет сайттарында аны сүрөтү дүйшөмбүдөн тарта тарай баштаган. Улутчулдукту даңазалоо Австрияда кылмыш катары каралат.

Тектеш темалар