World Press Photo сыйлыктары: жеңүүчүлөр жана финалисттер

Калыстар тобу бул жылы 80 миңге чукул эмгектерди көрүп чыгышкан. Ар кандай категориялар боюнча мыкты деп табылган фото сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Төмөндөгү сүрөттөрдүн айрымдары окурмандын көңүлүн түшүрүшү мүмкүн экенин эскертебиз.

Биринчи сыйлык Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловко ок атуу болгон учурда тартылган сүрөткө берилди. 2016-жылдын 19-декабрында Associated Press менен кызматташкан түркиялык фотограф Бурхан Озбилиж дагы Анкарадагы сүрөт көргөзмөсүнө чакырылгандар арасында болгон. Бул көргөзмөдө орус элчисине ок атылган.

Сүрөттүн булагы, Burhan Ozbilici/AP

Сүрөттө түркиялык полиция кызматкери Мевлут Мерт Алтинташ элчини аткандан бир нече секунддан кийинки учуру тартылган. Калыстар тобунун төрагасы Стюарт Франклин бул сүрөткө жогорку баасын берген. Бурхан өзүнүн коркунучун жеңип, көз алдында болгон трагедияны көрсөтө алган деп айтты.

World Press Photo фото сынагы 1955-жылдан бери өткөрүлөт. Бул жылы калыстар 25 өлкөдөн 45 фотографтын эмгектерин жеңүүчү катары атады.

New York Times басылмасынын фотографы Дэниэл Берехулак "Жалпы жаңылыктар" категориясы боюнча биринчи сыйлыкты жеңди. "Бизди айбан сымал өлтүрүшөт" деп аталган сүрөттө Маниладагы (Филипин) полиция участкасындагы абактагылар тартылган.

Сүрөттүн булагы, Daniel Berehulak for The New York Times

Лоран Ван дер Стокт Le Monde басылмасына чыккан фото репортажы үчүн сыйлык алды. Сүрөттө 2016-жылы 2-ноябрда Мосулдагы ирак күчтөрүнүн тинтүү жүргүзгөн учуру тартылган.

Сүрөттүн булагы, Laurent Van der Stockt/Getty Reportage

Сергей Пономарев New York Times басылмасына жарыяланган сүрөтү үчүн "Жалпы жаңылыктар" категориясындагы экинчи сыйлыкты алды. Сүрөттө ирактык үй-бүлө Мосулдан качып баратат.

Сүрөттүн булагы, Sergey Ponomarev for The New York Times

Валерий Мельников "Украинанын каргашалуу күнү" эмгеги үчүн сыйлык алды. Сүрөттө Луганск станциясындагы жардыруудан качып бараткан аялы менен күйөөсү тартылган.

Бул фотолордун сериясы "Орусия бүгүн" эл аралык агенттигинин буюртмасы менен даярдалган.

Сүрөттүн булагы, Valery Melnikov/Rossiya Segodnya

Америкалык фотограф Эмбер Брэкен "Замандын көйгөйлөрү" категориясы боюнча сүрөт очерки менен биринчи сыйлыкты алды. Анда Түндүк Дакота штатындагы индейцтердин сиу эли отурукташкан чөлкөм аркылуу өткөн мунай түтүгүнүн курулушуна каршы акциялар чагылыдырылган.

Сүрөттө каршылык акциясы учурунда көздөн жаш агызчу газдан жабыркаган кишиге жардам көрсөтүлүп жаткан учур.

Сүрөттүн булагы, Amber Bracken

Ямайкалык жөө күлүк Усейн Болт Рио Олимпиадасы учурундагы 100 м. аралыктагы мелдештин жарым финалы учурунда маарага жеткен жерде атаандаштарын жылмайып караганы тартылган сүрөт.

Каи Оливер Пфаффебахтын бул эмгеги "Спорт" категориясы боюнча сыйлык алды.

Сүрөттүн булагы, Kai Oliver Pfaffenbach/Reuters

Френсиз Перез "Жаратылыш" категориясы боюнча сыйлыкка ээ болду. 2016-жылы 8-июнда тартылган сүрөттө деңиз ташбакасы балыкка жайылган торго кирип калганы тартылган.

Сүрөттүн булагы, Francis Perez

Ушул эле категориядагы биринчи сыйлыкты National Geographic журналынын фотографы Брент Стиртон "Кериктерге согуш" деген эмгеги үчүн алды. Сүрөттө Мозамбикте кармалган 19 жана 28 жаштагы эки браконьерди абакка каттоо учуру тартылган.

Сүрөттүн булагы, Brent Stirton/National Geographic

Бул жааттагы экинчи сыйлыкты ушул эле журналдын фотографы Эми Витале пандалар боюнча тартылган фото сериялары үчүн алды. Сүрөттө Кытайдын түштүгүндөгү Волонг коругундагы 16 жаштагы Йе-Йе ысымдуу панда.

Сүрөттүн булагы, Ami Vitale/National Geographic

Эже-сиңдилер Ольга менен Аделина Ли Хи Кубада жашаган теги кореялык аялдар. Майкл Винс Ким мындай сүрөттөр сериясы үчүн "Адамдар" деген категория боюнча сыйлык алды.

Сүрөттүн булагы, Michael Vince Kim

Сыйлык ээлеринин бардык эмгектерин www.worldpressphoto.org сайттынан көрө аласыз.