Британдык окумуштуулар: футбол деменцияга алып келет

Футболдук топ Сүрөттүн автордук укугу AFP

Футболдук топту башы менен сүзүү мээге таасир этип, акыр соңу деменцияны күчөтүшү мүмкүн дейт изилдөө жүргүзгөн британдык окумуштуулар.

Бул изилдөөнүн тыянактары Acta Neuropathologica деп аталган журналга жарыяланды.

Лондон университеттик коллежи жана Кардифф университетинин адистери көп жылдар боюу мурдагы беш профессионал футболчуну жана бир такай футбол ойногон кишини иликтөөгө алышкан.

Орточо эсеп менен алганда бул кишилер дээрлик 26 жыл аралыгында футбол менен алектенген. 60 жаштан кийин аларда эс тутумдун начарлоосу, кем акылдык байкалган.

Алар каза тапкандан кийинки текшерүүлөрдө дарыгерлер футболчулардын төрттөө өнөкөт трамвага, башкача айтканда "боксчунун деменциясы" деп аталган идетке кабылганын аныкташкан.

"Биз алардын мээсин ачканыбызда өзгөрүүлөрдү байкадык, бул мурун бокста жүргөн мушкерлерге мүнөздүү көрүнүш. Футболчулар көп жылдык карьерасынын жүрүшүндө баш мээсинен жаракат алышып, ал деменцияны күчөтөрүн аныктадык",-деди Би-би-сиге профессор Хью Моррис.

Изилдөөнүн авторлору топтун балдардын башына тийгендеги ден соолукка таасири кандай болорун иликтеген жокпуз деп баса белгилешти.

Деменция же Альцгеймер оорусуна алып келген бул сыяктуу жагдайларга мурда мушкерлер жана америкалык футолдун оюнчулары көп кабылары айтылганы бар.

Англиянын Футбол ассоциациясы спортчулардын жаракаттарына астейдил көңүл бурарын убада кылды.

АКШда баш мээден жабыркаган спортчулар жашы өткөндөн кийин ооруга чалдыкканы соттук териштирүүлөргө негиз болгон учурлар көп эле болгон. Айталы, 2014-жылы АКШнын Улуттук студенттик спорт ассоциациясы мурдагы спортчулардын датануусунан кийин 70 млн доллар төлөп бергенин жарыялаган.

Уюмдун өкүлдөрү бул каражат спортчулардын баш мээден алган жаракатын дарылоого жумшаларын билдирген эле.

2015-жылы Улуттук футбол лигасынын 4 миңден ашуун мурдагы оюнчулары карьерасынын жүрүшүндө баш мээсинен жаракат алганын айтып, футбол лигасынын үстүнөн сотко арызданышкан.

Тектеш темалар