Индия космоско 104 спутник учурду

ракета Сүрөттүн автордук укугу ISRO

Индия бир ракета менен 104 спутникти космоско учуруп, спутниктер саны боюнча дүйнөлүк рекорд жасады. Буга чейинки рекорд 2014-жылы 37 спутник учурган Орусияга таандык эле.

Индия тарабынан космоско чыгарылган спутниктердин үчөөнөн башкасы чет өлкөлөрдө чыгарылган, 96сы америкалык компанияларга таандык. Бул жерде кеп анчейин чоң эмес өлчөмдөгү спутниктер тууралуу жүрүп жатат.

Ракета Бенгаль булуңундагы Шрихарикота аралында жайгашкан Сатиш Дхаван атындагы космикалык борбордон коео берилди. Эксперттер бул окуяны тарыхый деп атоого бир гана спутниктин саны көп болгону себеп эмес дейт. Индия космикалык изилдөөлөр боюнча атаандаштыкта негизги оюнчулардын бирине айланарын көрсөтүүгө умтулуп жатат.

Ракетанын бортунда индиялык картографиялык спутник дагы бар. Ал космостон жогорку сапаттагы сүрөттөрдү тартып бере алат. Болжолу ал Кашмирдеги жаңжалды байкап туруу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Бул жылы Индиянын өкмөтү космикалык программаларынын бюджетин көбөйттү. Ал тургай Венерага миссия жөнөтүү планын билдирди.

Тектеш темалар