Ким Чен Ындын агасын өлтүргөн деп шектелген дагы төрт киши изделүүдө

«Издөөгө алынгандардын курагы 33 жаштан 57 жашка чейинки эркек кишилер»,-деди басма сөз жыйынында полициянын жетекчи орун басары Нур Рашид Ибрагим. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption «Издөөгө алынгандардын курагы 33 жаштан 57 жашка чейинки эркек кишилер»,-деди басма сөз жыйынында полициянын жетекчи орун басары Нур Рашид Ибрагим.

Малайзиянын полициясы теги Түндүк кореялык төрт кишини Ким Чен Ындын бир тууган агасын өлтүргөнгө катыштыгы бар деп издөөгө алды.

«Издөөгө алынгандардын курагы 33 жаштан 57 жашка чейинки эркек кишилер»,-деди басма сөз жыйынында полициянын жетекчи орун басары Нур Рашид Ибрагим. Анын айтымында тергөөгө көмөктөшө турган дагы үч киши изделип жатат.

Ишемби күнү полиция 46 жаштагы Түндүк Кореядан чыккан Ри Чен Чхоль ысымдуу кишини камакка алган. Ал Куала-Лумпурда жашап компьютердик компанияларды биринде эмгектенип жүргөн.

Анын алдында вьетнам паспорту менен 18 жаштагы кыз, малайзиялык, индонезиялык аялдар кармалган.

КЭДР лидеринин агасы Ким Чен Нам 13-февралда Куала-Лумпурдун эл аралык аэропортунда каза тапкан. Белгисиз кишилер аны ууландырып кеткени айтылган болчу. Түштүк Корея муну КЭДРдин коопсуздук кызматынын агенттери ишке ашырды деп эсептейт.

Пхеньян маркумдун сөөгүн берүүнү талап кылды. Бирок Малайзия тиешелүү анализдерге чейин сөөктү бербей турганын айтып жатат. Маркумдун ДНКсын аныктоо үчүн жакындарынын бири ДНК анализ бериши керек экен. Бирок азырынча эч кимиси полицияга кайрылган эмес.

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Ким Чен Нам.

Ким Чен Ирдин тун уулу Түндүк Кореянын лидерлигине негизги мураскерлердин бири болчу. Бирок Ким Чен Нам 2001-жылы жасалма паспорт менен Японияга учуп кетүүгө аракет кылгандан кийин атасы экөөнүн ортосунда араздашуу болгон.

Жыйынтыгында мураскер Ким Чен Ын болуп калды. Ал атасы каза тапкан 2011-жылдан бери Түндүк Кореяны жетектейт.

Акыркы жылдарда Ким Чен Нам өз өлкөсүнө барган эмес. Кабарларда айтылгандай, ал өзүнүн көп убактысын Кытайдын Макао аймагында өткөргөн.