Сомалидеги жардыруудан 34 киши набыт болду

Жергиликтүү бийлик шаардын түштүк тарабында жардыргыч шыкалган унаа жарылды деп кабарлады. Жардыруу орун алган жердеги имараттардын көбү зыянга учураган. Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Жардыруу орун алган жердеги имараттардын көбү зыянга учураган.

Сомали баш калаасы Могадишодо болгон жардыруудан каза тапкандар саны отуз төрт кишиге жетип, элүүсү жаракат алган.

Жергиликтүү бийлик шаардын түштүк тарабында жардыргыч шыкалган унаа жарылды деп кабарлады. Жардыруу орун алган жердеги имараттардын көбү зыянга учураган.

Өлкөдө февраль айында жаңы Президент болуп Мохаммед Абдуллахи Мохаммед шайлангандан бери биринчи жолу жардыруу орун алды. Азырынча жоокерчиликти эч бир террордук уюм моюнуна алган жок. Бирок буга чейин "Аль-Шабааб" террорчул тобунун лидери Хассан Якуб алардын бутасы жаңы президенттин тарапташтары болорун билдирген.

Президент бул теракты айыптап сүйлөдү жана аны уюштургандар "Аль-Шабааб" тобу экендигинде шек жок деди. Мамлекет башчысы жардырууну уюштургандар боюнча маалымат берген кишиге 100 миң АКШ долларын сыйлык катары берүүнү убада кылды.

"Аль-Шабааб" тобу 2012-жылы "Аль-Каида" террордук уюмуна кошулуп кеткен. Көптөгөн билдирүүлөргө караганда "Аль-Шабааб" террорчул тобуна кошулуу ниети менен чет жактан жихадчылар Сомалиге көп келишет.