Интернетте Ким Чен Намды өлүмү боюнча тасма тарады

Эки күн мурун малайзиялык англис тилдүү New Straits басылмасы болжолу Ким Чен Нам делген эс учун жоготкон кишинин сүрөтүн жарыялаган. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эки күн мурун малайзиялык англис тилдүү New Straits Times басылмасы болжолу Ким Чен Нам делген эс учун жоготкон кишинин сүрөтүн жарыялаган.

Интернетте КЭДР лидери Ким Чен Ындын бир тууган агасы Ким Чен Намга кол салуу учуру тартылган тасма тарады.

Куала-Лумпур аэропортундагы видео байкоого тартылып калган кадрларды япониялык Fuji TV телеканалы жарыялаган.

Тасмада Куала-Лумпурдагы аэропортто эки кыз ачык түстөгү күрмө кийген кишинин артынан баратканы тартылган. Ал киши болжолу Ким Чен Нам болгон деп айтылды. Ак футболка кийген кыздардын бири Ким Чен Намдын артынан келип бетине бирдеме чачып жиберет дагы, анын башын бир аз кармап туруп кайра кетип калган. Андан соң тасмада ал киши аэропорттун коопсуздук кызматкерлерине келип, жүзүн көрсөтүп бирдеме айтып жатканы тартылган. Тасма соңунда Ким Чен Нам креслодо жатат, анын тегерегинде аэропорттун кызматкерлери калдастап жүрөт.

Fuji TV телеканалы бул кадрлар кантип алардын колуна түшүп калганы жөнүндө маалымат берген жок.

Дүйшөмбүдө Түндүк Корея түзүлгөн кырдаалды кеңешүү максаты менен деп Малайзиядагы элчисин чакыртып алды.

Апта соңунда Малайзия полициясы теги Түндүк кореялык төрт кишини Ким Чен Ындын бир тууган агасын өлтүргөнгө катыштыгы бар деп издөөгө алганын билдирген. «Издөөгө алынгандардын курагы 33 жаштан 57 жашка чейинки эркек кишилер»,-деген басма сөз жыйынында полициянын жетекчи орун басары Нур Рашид Ибрагим. Анын айтымында тергөөгө көмөктөшө турган дагы үч киши изделип жатат.

Ишемби күнү полиция 46 жаштагы Түндүк Кореядан чыккан Ри Чен Чхоль ысымдуу кишини камакка алган. Ал Куала-Лумпурда жашап компьютердик компанияларды биринде эмгектенип жүргөн. Анын алдында вьетнам паспорту менен 18 жаштагы кыз, малайзиялык, индонезиялык аялдар кармалган.

КЭДР лидеринин агасы Ким Чен Нам 13-февралда Куала-Лумпурдун эл аралык аэропортунда каза тапкан. Белгисиз кишилер аны ууландырып кеткени айтылган болчу. Маркумдун сөөгүн иликтөө иштеринин жыйынтыгы жакынкы күндөрдө белгилүү болот деп күтүлүп жатат. Тергөөчүлөр Ким Чен Намдын сөөгүн таануу ишинде жакындары менен сүйлөшүү зарылчылыгы жаралганын айтууда. Болжолу маркумдун эки уулу жана кызы Пекинде жана Макаода жашайт.

Пхеньян маркумдун сөөгүн берүүнү талап кылды. Бирок Малайзия тиешелүү анализдерге чейин сөөктү бербей турганын айтып жатат. Маркумдун ДНКсын аныктоо үчүн жакындарынын бири ДНК анализ бериши керек экен. Бирок азырынча эч кимиси полицияга кайрылган эмес.

Ким Чен Ирдин тун уулу Түндүк Кореянын лидерлигине негизги мураскерлердин бири болчу. Бирок Ким Чен Нам 2001-жылы жасалма паспорт менен Японияга учуп кетүүгө аракет кылгандан кийин атасы экөөнүн ортосунда араздашуу болгон.

Жыйынтыгында мураскер Ким Чен Ын болуп калды. Ал атасы каза тапкан 2011-жылдан бери Түндүк Кореяны жетектейт.

Акыркы жылдарда Ким Чен Нам өз өлкөсүнө барган эмес. Кабарларда айтылгандай, ал өзүнүн көп убактысын Кытайдын Макао аймагында өткөргөн.