Жакындарын бийликке алып келүү: Назарбаевден Мирзиёевге чейин

Жергиликтүү маалымат каражаттары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тун кызы Саиданы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директор орун басарлыгына дайындаганы тууралуу жазып чыгышты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мирзиёевдин эки кыз, бир уулу бар

Мирзиёевдин эки кыз, бир уулу бар деп айтылат. Буга чейин кичүү кызы Шахноза Билим берүү министрлигинде башкармалыктын орун басары кызматына келгени айтылган эле.

Узак жылдар бою Өзбекстанда бийлик бир үй-бүлөгө таандык деген пикир жашады. Анткени мамлекеттик кызматтарды кайсыл бир кландын башында турган кишилердин жакын туугандары ээлешкен. Кландык системанын башында көп жылдар бою маркум президент Ислам Каримов турду деген пикирлер бар.

Президенттин кызы Гулнара Каримова 2010-2011-жылдары Ѳзбекстандын Испаниядагы элчиси болуп турган. Кийин коррупцияга байланышкан жаңжалдын ортосунда калып, азырга чейин ошонун чуусу бүтпөй жүрөт.

Бирок бул көрүнүш бир эле Өзбекстанга мүнөздүү эмес. Дүйнөнүн булуң-бурчунан мисалдарды тапса болот.

Азербайжан

Эки жыл мурун Азербайжан президенти Илхам Алиев жубайы Мехрибанды өлкөнүн вице-президенти кылып дайындаган. Алиевдин жубайы өлкөдөгү президенттен кийинки эле мартабалуу кызматтагы адам болуп калган.

"Мехрибан Алиева узак жылдардан бери коомдук-саясий, маданий жана эл аралык ишмердүүлүктө маанилүү ролду ойноп келүүдө. Ал көп кырдуу жана ийгиликтүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келди»,-деген Алиев аны кызматка дайындап жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

2016-жылы сентябрь айында Азербайжандын конституциясы өзгөртүлүп, биринчи вице-президент жана вице-президент деген кызматтар киргизилген эле.

Көпчүлүк өлкөлөрдө өзүнүн жубайын же жакын тууганын мамлекеттик кызматка дайындаганга мыйзам жол бербейт. Бирок бир катар өлкөлөрдө коомдук пикирден династиялык салттар жана кландар үстөмдүк кылып, бийлик бул чектөөлөрдү буйтап өтүп кетет.

Буга айкын далил болуп берген мисалдарды Борбор Азиянын көп өлкөлөрүнөн кезиктирсе болот. Мыйзамдык тыюуга карабастан жакын тууганын мамлекеттик кызматка дайындоо кеңири жайылган.

Тажикстан

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL WEBSITE OF PRESIDENT OF TAJIKSTAN
Image caption Рахмондун тун уулу 30 жаштагы Рустам Эмомали КМШ өлкөлөрүндөгү эң жаш генерал эсептелип, Тажикстандагы коррупцияга каршы күрөшкөн агенттикти жетектеп келген

2016-жылдын январында Президент Рахмон өзүнүн жарлыгы менен кызы Озоданы мамлекет башчынын апаратына жетекчи кылып дайындаган. Буга чейин 39 жаштагы Озода Рахмон Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеген.

Озода беш баланын энеси, Жоржтаун жана Мэриленд университеттерин бүтүргөн. Анын күйөөсү Жамолиддин Нуралиев Улуттук банктын жетекчи орун басары болуп иштеген.

Рахмондун тун уулу 30 жаштагы Рустам Эмомали КМШ өлкөлөрүндөгү эң жаш генерал эсептелип, Тажикстандагы коррупцияга каршы күрөшкөн агенттикти жетектеп келген.

2017-жылы президент уулун өлкөнүн баш калаасы Дүйшөмбүгө мэр кылып дайындаган жарлыкка кол койгон. Рустам Эмомали президенттин тогуз баласынын эң улуусу. Тажикстандагы улуттук университетти бүтүргөн. Мурда ал инвестиция боюнча жана кыймылсыз мүлк боюнча комитеттерде иштеген. Ошондой эле жаштар кеңешинин жетекчи орун басары болгон.

Казакстан

Сүрөттүн автордук укугу CHRIS JACKSON

Казакстанда мамлекеттик кызматта Нурсултан Назарбаевдин неберелери иштейт. 33 жаштагы Нурали Алиев Астананын вице-мэри болуп иштеген. 28 жаштагы Айсултан Назарбаев Казакстандын Коргоо министрлигинде кызмат кылат. Ал өзүнүн амбицияларын да жашырбайт: "Менин негизги кызматым - мен Президенттин небересимин»,-деген бир учурда казак ММКларына маегинде.

Назарбаевдин күйөө баласы Рахат Алиев Президенттин кызы Дарига менен никеде турган учурунда кызматтык тепкичтерге тездик менен көтөрүлгөн. Коопсуздук кызматында биринчи орун басар, Тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген. Андан кийин келишпестиктер болуп, ал өлкөнү таштап чыгып кеткен. Сыртынан соттолуп, Австрияда камакка алынып, соңунда ал абак жайда каза тапканы белгилүү болгон.

Назарбаевдин кызы Дарига премьер-министрдин орун басары болуп иштеген. Кийин сенаттагы эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетин жетектеди. Өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев отставкасы жарыялагандан кийин тун кызы Казакстандын төмөнкү палатасынын спикери болду.

Талдоочулар Назарбаевдин кызын бекеринен Казакстандын төмөнкү палатасынын спикери кылып шайлашкан жок деп белгилеп жатышат. Анын президенттикке келүү жолун таразага салып, сындан өткөрүп, элдин реакциясын дагы байкап жатышат деген пикирлер бар. Конституция боюнча сенаттын спикери өлкөдөгү президенттен кийинки эле кызмат адамы.

Кыргызстан

Кыргызстандагы жакын туугандарын бйиликке алып келүү көрүнүшү буга чейинки президенттер тушунда, айрыкча бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин тушунда өөрчүгөн.

2005-жылы өлкөнүн тунгуч Президенти Аскар Акаев уулун жана кызын парламентке алып келген. Бирок көп өтпөй, элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кетти.

Аскар Акаевдин ордуна келген Курманбек Бакиев бир тууган иниси Жаныш Бакиевди Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчилигине алып келген. Ал эми уулу Максим Ѳнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеген. Бакиевдин дагы бир уулу Марат Бакиев УКМК төрагасынын кеңешчиси болуп турган.

Түндүк Корея

КЭДР көп жылдан бери Кимдердин династиясынын башкаруусунда. Түндүк Корея лидеринин туугандары жана жек жааттары өкмөттөгү негизги кызматтарды ээлешкен. Бирок ошол эле учурда Түндүк Корея чуулгандуу отставкалар жана кызматтан алуулар менен дүң болуп келүүдө.

2013-жылы КЭДР лидери Ким Чен Ын жездеси Чан Сон Тхэкти Улуттук аскердик комиссиянын жетекчи орун басары кызматынан алып, көп өтпөй өлүм жазасына тарткан.

Жакын туугандарын мамлекеттик кызматка дайындап, чуу жараткан окуялардан батыш өлкөлөрү деле четте калган эмес.

АКШ

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШнын жаңы шайланган Президенти Дональд Трамп күйөө баласы Жаред Кушнерге Акүйдөгү башкы кеңешчи кызматын сунуштаган

АКШнын жаңы шайланган Президенти Дональд Трамп күйөө баласы Жаред Кушнерге Акүйдөгү башкы кеңешчи кызматын сунуштаганы сын пикирлерге кабылды. Ѳлкөнүн Юстиция министрлиги бул мыйзамга каршы келбейт деп билдирген. Бирок федаралдык мыйзам буга жол бербейт деп чыккан нааразычылык тараган.

Франция

Францияда "Республикачылардын" Президентикке талапкери Франсуа Фийон өзүнүн жубайы Пенелоп аралашып калган иш үчүн элден кечирим сураган. Фийонду депутат болуп турган учурда жубайын жардамчысы кылып жаздырып, айлык алып жүргөн деп айыпташкан. Пенелопа ал жумушту аткарбай эле айына казынадан 3677 евро айлык алып турганы боюнча айыптоолор айтылган эле.

Тектеш темалар