Австрияда бозгунга Сирияда 20 адамды өлтүргөн деп айып тагылууда

Тергөө тыянагына караганда айыпталып жаткан сириялык жаран Хомстагы ок атышуу учурунда жардар же куралсыз 20 кишини атып салган.

Сүрөттүн булагы, SHARFULIN VALERY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Тергөө тыянагына караганда айыпталып жаткан сириялык жаран Хомстагы ок атышуу учурунда жардар же куралсыз 20 кишини атып салган.

Австрия бийлиги 27 жаштагы качкын макамын сурап кайрылган сириялык жаранды "террордук жаңжалдашуудан улам адам өлтүргөн" деп айыптоодо.

Тергөө тыянагына караганда айыпталып жаткан сириялык жаран Хомстагы ок атышуу учурунда жардар же куралсыз 20 кишини атып салган. Сот иши март айынын соңунда башталат.

Австриялык басылмалар шектелип жаткан жигит өзү качкындар лагеринде жанындагы коңшуларына исламчыл топтордун катарында согушканы тууралуу айтып бергенин жазышты. Ал топтор "Эркин сириялык армия" менен байланышта болуп, өкмөттүк аскерлерге каршы согушкан. Иликтөөлөр өткөн жылы эле башталган. Шектүү айыптоолордун баарын четке кагып, күнөөсүн моюнуна алган эмес. Адвокаттары тергөө жүрүп жаткан учурда ал психологиялык жактан катуу жабыркап турганын билдиришкен.

Айыпталып жаткан жигит Австрия жараны эмес жана бул өлкөнүн аймагында кылмыш кылган жок. Ал эми Сирияда согуш жүрүп жаткандыктан экстрадициялоо мүмкүн эмес. Ошондуктан Австрия биринчи жолу башка өлкөдө кылмыш кылган кишини өзү соттогону жатат. Жарадар жана куралсыз жоокерлерди өлтүрүүгө Женева конвенциясы тыюу салат.

Австриянын расмийлеринин билдирүүлөрүнө караганда, айыпталуучуну эл аралык терроризм менен күрөшүү боюнча макулдашууларга негиздеп, террордук акт боюнча соттошот.