Cүрөт баяндама: Британияны "Дорис" куюну каптады

жээктерде суу ташкындары

Сүрөттүн булагы, EPA

Бейшембиде эрте менен Британияны "Дорис" куюну каптап, жээктерде суу ташкындары жүз берди. Өлкөнүн метеоборбору Англиянын түндүк, чыгыш жана борбордук райондоруна жана Түндүк Уэльстин жашоочуларына эскертүү берди.

Сүрөттүн булагы, Matthew Cooper/PA

Табият кырсыгынан Вулверхэмптондо бир аял набыт болду.

Сүрөттүн булагы, PA

Ливерпулдун Эгберт районунда турак үйдүн үстүнө дарак кулады. Бактыга жараша эч ким жабыр тарткан эмес. Синоптиктер бул жолку катуу шамалды "табияттын бомабасы" деп аташты. Катуу шамалдан улам аба майдандарда учактар учпай, ондогон каттамдар жылдырылды. Поездерддин жана Ливерпуль порутунун жадыбалы бузулду.

Сүрөттүн булагы, PA

Спутниктен алынган сүрөттөр "Дорис" куюну ушундай көрүнүштө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Шотландияда синоптиктер 15 см чейин кар жаайт деп күтүлүп жатканын эскертишти. Бул жерде коркунучтун деңгээли "кызгылтым сарыга" жетти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Шотландиянын көпчүлүк райондорунда калың жааган кардан улам бир нече чакырымга созулган унаа тыгындары жаралды. Түндүк Ирландия, Уэльс жана Йоркширде миңдеген турак үйлөр жана мекемелер жарыгы жок калышкан.

Сүрөттүн булагы, AP

Аба ырайынын адистери Түндүк Ирландия жана Англиянын түндүгүндөгү, Шотландиянын түштүгүндөгү аймактарда суу каптоо күтүлүп жатканын эскертишти.

Сүрөттүн булагы, AP

"Дорис" куюну популярдуу "Тактынын оюну" (Game of Thrones) сериалы тартылган Түндүк Ирдландиядагы атактуу Дарк Хеджес аллеясындагы дарактарга зыянын тийгизди.

Сүрөттүн булагы, Owen Humphreys/PA

Камбрия графтыгындагы козулардын баарына аба ырайына байланыштуу атайын плащтар кийгизилди.

Сүрөттүн булагы, PA

Батыш Йоркшир графтыгындагы Лидс-Брэдфорд аэропортунда бул учак катуу шамалда конуп жатат.

Сүрөттүн булагы, PA

Ноттингэмдеги көрүнүш. Жамгырдан кийинки күн желеси.

Сүрөттүн булагы, PA

140 км/саат ылдамдыктагы шамал жүрүп жатса да бул серфинг чебери толкунга секирип, өз ырахатынан баш тарта алган эмес экен.

Сүрөттүн булагы, PA

"Дорис" куюну Лондонго чейин жетип жаздагы мээлүүн аба-ырайы этек-жеңди жулкулдаткан шамалга айланды. Коомдук транспорттун жүрүшүнө кыйындатты.

Сүрөттүн булагы, PA

Бирок катуу шамал селфиге тоскоол боло албайт экен. Лондондогу Вестминстер көпүрөсүндө кыздар сүрөткө түшүүдө.