Лениндин жеңишинен кийин каршылык акциялары башталды

Эквадордо жекшембиде өткөн президенттик шайлоодогу добуштардын 96 пайызы эсептелип чыккандан кийин толкундоолор башталды.
Мурдагы вице-президент Ленин Морено консерватор Гильермо Лассону аз гана айырма менен утуп чыккан. Андан соң утулган талапкер өз тарапташтарын көчөгө чыгууга үндөдү.
Ленин Морено болжолу 51% добуш алды. Консерватор Гильермо Лассо 49% добушка ээ болгон. Шайлоо алдындагы авторитеттүү сурамжылоолордун биринде Лассо жеңишке жетери айтылып, аны талапкер "Твиттердеги" барагына жайгаштырган. Бирок кырдаал өзгөрүп кетти.
Эквадордун Шайлоо кеңеши расмий тыянактарды жарыялай элек. Учурдагы Президент Рафаэль Корреа социалдык тармактагы баракчасына Моренонун жеңишке жеткени анык болуп калганын, 200 миң добуш айырмасы бар экенин жазган.
Лассо атаандашы административдик ресурс колдонуп жана бюллетендерди бурмалады деп айыптап жатат.
Дагы бир кызык жагдай өлкөдө ким Президент болоору WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын дагы тагдырына таасир тийгизмекчи. Ал алты жылдан бери Лондондогу Эквадор элчилигинде баш калкалап жүрөт.
Лассо эгер жеңишке жетишсе Ассанжды ал жерден 30 күндүн ичинде чыгара турганын билдирген.
"Мен чын жүрөктөн Лассо мырзаны 30 күндүн ичинде Эквадорду таштап (оффшордук миллиондору менен же ансыз) чыгып кетүүгө чакырам»,- деп жазды "Твиттер" баракчасына Ассанж.