Дүйнөдөгү ар бир онунчу өлүм чылым чегүүдөн

31-май - дүйнөлүк тамекиге каршы күрөшүү күнүнүн алдында саламаттыкты сактоо жаатында иш алып барган 100дөн ашуун уюм коомдук сайттарга Facebook, Instagram, Twitter жана Snapchat компанияларына кайрылуу жолдоду. 48 өлкөдөн келген кайрылууда коомдук сайттар тамекини жашыруун жарнамалоону кыскартышы керектиги айтылат.

Сүрөттүн автордук укугу ISTOCK / GETTY IMAGES

Активисттердин кайрылуусу "Рейтердин" иликтөөсүнө таянган. Анда тамеки өндүргөн Philip Morris компаниясы өзүнүн IQOS электрондук системасын (электрондук тамекиге окшогон атайын каражат) жарнамалоодо жаш лидерлерди колдонуп жатканы сынга алынган.

Philip Morris өз кезегинде "кадимки" тамекини чеккендер санын азайтууга умтулуп жатканын айтты. Компаниянын басма сөз кызматы коомдук сайттарда маалыматтык өнөктүк гана жүргөнүн, кардарларга чылым чеккендин зыянын түшүндүрүү иштери болгонун билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму болсо тамекини жарнамалоону таптакыр токтотууга чакырып келет.

Ден-соолукка кыянаттык

Мындан эки жыл мурун чоң иликтөө жарыяланып, дүйнөдөгү ар бир онунчу өлүм тамеки тартуунун кесепетинен келип чыгаары айтылган. Ошону менен бирге тамеки түбүнө жеткендердин жарымы төрт гана өлкөгө - Орусия, АКШ, Кытай жана Индияга туура келет.

Окумуштуулардын маалыматына караганда тамекиден өлгөндөр көрсөткүчү дагы өсүшү мүмкүн. Анткени чылым чыгарган компаниялар агрессивдүү түрдө жаңы базарларды өздөштүрүүдө. Бул өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө мүнөздүү.

Иликтөөчүлөр 1990-2015-жылдардагы 195 өлкөдөгү тамеки тартуу боюнча маалыматтарды пайдаланышкан.

"Жарым кылымдан бери тамеки тартуу ден-соолукка олуттуу зыянын тийгизе турганына талашсыз далилдер табылганына карабастан, дүйнөдө жыл сайын ар бир төртүнчү эркек тамеки тартат",-деп билдирген иликтөөнүн авторлорунун бири Эммануэла Гакидоу.

"Чылым чегүү эртелей каза табуу жана майыптыкка алып келген экинчи фактор катары кооптуу бойдон кала берүүдө. Аны азайтуу үчүн тамеки менен күрөштү күчөтө беришибиз керек".

2015-жылы дээрлик бир миллиард киши тамеки тарткан. Алардын ар бир төртүнчүсү эркектер, ар бир жыйырманчысы аялдар.

Бул 1990-жылдардагы көрсөткүчтөргө салыштырганда алда канча көп. Анда дүйнөдө ар бир үчүнчү жана ар бир он экинчи аял чылым чегери аныкталган экен.

Дүйнөдө калктын санынын өсүшү менен чылым чеккендер саны дагы өскөн. Ошону менен бирге тамеки тарткандан өлгөндөр 4,7% өсүп, 2015-жылы 6,4 млн жетти.

Иликтөөдө айрым өлкөлөр салыктарды көбөйтүү, тамеки кутуларына ар кандай эскертүүлөрдү жазуу, маалымат берүү программалары аркылуу чылымдан баш тартууга жетишип жатканы да айтылат.

Маселен, 25 жыл мурункуга салыштырганда Бразилияда чылым чеккендер эркектер арасында 29 пайыздан 12%, аялдар арасында 19 дан 8% пайызга чейин азайган.

Ошол эле учурда Орусияда чылым чеккен аялдар саны 56,2% өсүп, эркектер арасында 11% төмөндөгөн. Мындай тенденция айрым азиялык өлкөлөрдө да байкалган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/GETTY IMAGES

Кыргызстандагы абал

Дарыгерлердин айтымында, Кыргызстанда тамеки тарткандар арасында жүрөк-кан тамыр ооруларына, өпкө рагына жана башка ушул сыяктуу коркунучтуу ооруларга чалдыгып, каза болгондор бар. Бирок расмийлер бул боюнча так маалымат бере алган жок. Учурда Кыргызстанда 18 жаштан улуулардын 25 пайыздан ашууну чылым чегет. Алардын 48,2 пайызы эркектер болсо, 2,7 пайызы аялдар.

"Тамекинин курамы адамдын организмин жабыркатчу химиялык заттардан турат. Ошонун бардыгы коркунучтуу ооруларга алып келип жатат. Чылым чеккен кишилердин өмүрү 8 жылдан 14 жашка чейин кыскарат. Маселен, элүү жашка чыкпай каза болгон кишилердин көбү чылым чеккендер",- дейт Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Тилек Ырысов.

Кыргызстанда чылым чегүүнү азайтуу максатында бир катар мыйзамдар кабыл алынып, айып пулдар киргизилген. Коомдук жайларда тамеки тартууга жана жарнамага тыюу дагы салынган. Атүгүл, акциздик салыктар жогорулатылып, тамекинин баасы кыйла кымбаттаган. Бирок чылым чеккендердин саны азайууда деп айтуу кыйын.

(AbA/VA)

Тектеш темалар