«Боруссия» футбол клубунун автобусунун жанындагы жардыруу

«Боруссия» футбол клубунун автобусунун жанындагы жардыруу

Сүрөттүн булагы, Reuters

Дортмунд шаарында Чемпиондор лигасынын беттешине келаткан «Боруссия» футбол клубунун автобусунун жанында үч жолу жардыруу орун алып, команданын 26 жаштагы коргоочусу Марк Бартра жаракат алды.

Дортмунд полициясынын маалыматына караганда, жардыруунун себептери аныктала элек. Шаардык полициянын жетекчиси бул командага пландалган кол салуу болду деп билдирди. Тергөөчүлөр жардыруу болгон жерден кат табылып, иликтөө иштеринде текшерилип жатат деди.

Автобус эки жеринен сокку алган деп айтылат "Боруссия" клубунун билдирүүсүндө. "Боруссия командасы Чемпиондор лигасынын 1/4 финалында "Монако" командасы менен беттешүү үчүн өз стадионун көздөй бараткан.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дортмунд шаарындагы беттеш шаршембиге жылдырылды. Сүрөттө "Боруссия" клубунун жетекчиси Ханс-Йоахим Ватцкенин реакциясы.

"Боруссия" клубунун башкы директору Ханс-Йоахим Ватцке оюнчулар бул окуядан апкаарып калышканын айтып берди. "Боруссия" стадионуна үч чакырымдай жетпей жардыруу орун алган.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Марк Бартра 2016-жылдын жай айында "Барселона" командасынан "Боруссияга" келген.

Колунан жеңил жаракат алган коргоочус Марк Бартра ооруканага жеткирилди.

Ватцке "Фейсбуктагы" баракчасына:

"Жардыруулар мейманканадан чыккандан кийин эле орун алды. Үч жардыргыч зат жолдун четине коюлуп, ишке киргизилген экен. Бүт команда дендароо болду. Биз мындай абалдан чыгышыбыз керек. Бирок оюнчулар үчүн оңой болбойт. Команда талаага кайтып келүүгө күч табат деп үмүттөнөм",-деп жазды.

Дортмунд шаарындагы беттеш шаршембиге жылдырылды. (AbA)