Навальный тургундарды коррупцияга каршы демонстрацияга катышууга чакырды

Орусиядагы оппозициялык лидерлердин бири Алексей Навальный

Сүрөттүн булагы, KUKHMAR KIRILL/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Орусиядагы оппозициялык лидерлердин бири Алексей Навальный

Орусиядагы оппозициялык лидерлердин бири Алексей Навальный жактоочуларын Москва шаарынын борборундагы нааразылык акцияга катышууга чакырды.

Бийлик Навальный мырзага Сахаров проспектисинде жөө жүрүш өткөрүүгө уруксат берген. Бирок Навальный өкмөт көрсөткөн маршруттан баш тартып, бийликтин демонстранттарды шылдыңдоосуна жол бербейм деп билдирди.

Прокуратура Коррупция менен күрөшүү фондунун жетекчиси Навальный уруксат берилбеген жерде демонстрация өткөрсө камоолор болот деп эскертүү берген. Эки ай мурун ири демонстрациялар орун алып жүздөгөндөр камакка алынган.

Жактоочуларын Москванын борборуна чакырган Алексей Навальный, бийлик менен тирешүү болоорун билип тургандай. Прокуратура түн ортосунда билдирүү жарыялап, Навальныйдын Тверской көчөсүндө демонстрация өткөрүүгө уруксаты жок экенин айтып, полиция мыйзамды бузуп нааразылык акцияларга катышкандарды камакка алаарын эскерткен. Демек бул окуя март айында орун алган демонстрацияга окшош болушу ыктымал. Анда жүздөгөндөр, алардын көбү өспүрүмдөр камакка алынган.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Навальный мырза май айында, Москва шаарында оорун алган нааразылык акцияда

Алексей Навальный жактоочуларын аргасыздан Москванын борборуна чакырып жатканын айтат. Себеби шаардагы бир да компания бийлик айткан аймакка акцияга керектүү жабдыктарды ижарага берүүдөн баш тарткан.

Бүгүн Орусияда майрам болгондуктан Тверской көчөсүндө бир нече иш чаралар уюштурулууда.

Орусиянын башка ири шаарларында коррупцияга каршы нааразылык акциялар орун алып, көптөгөн демонстранттар камакка алынды. (AT)