Орусиядагы демонстрация: Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный соттолду

Оппозициячыл саясатчы Навальный эмдиги жылы өтө турган Орусиядагы президенттик шайлоого катышам деп билдирген.

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Алексей Навальный эмдиги жылы өтө турган Орусиядагы президенттик шайлоого катышам деп билдирген

Орусиядагы оппозициялык лидерлердин бири Алексей Навальный уруксатсыз нааразылык акция өткөргөнү үчүн 30 күнгө абакка кесилди.

Саясатчы кечээ күнү жактоочуларын Москва шаарынын борборунда коррупцияга каршы демонстрацияга катышууга чакырган.

Полиция Навальныйды Москва шаарындагы үйүнөн чыгып баратканда кармап кеткен. Москва шаарынын соту дүйшөмбү күнү кечинде Навальный боюнча өкүмүн билдирди. Соттун чечимин оппозициячыл саясатчы "Твиттер" аркылуу тастыктады.

Ал эми Орусиянын бир нече шаарында болгон коррупцияга каршы демонстрацияларда жүздөгөндөр кармалды.

Сүрөттүн булагы, EPA

Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы полиция демонстранттарды туш келди камакка алып жатканын маалымдады.

"ОВД-Инфо" аттуу көз карандысыз бейөкмөт уюмдун айтымында баш калаадагы нааразылык акцияга катышкан 825 адам камакка алынды.

Москва шаарынын полициясы "Интерфакс" агенттигине демонстрацияга 5 миң адам катышты деп маалымдады.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Санкт-Петербург шаарында полиция негизинен жаштарды камакка алганы кабарланууда

"ОВД-Инфо" уюму Санкт-Петербург шаарында дагы Навальныйдын жүздөгөн жактоочулары камакка алынганын билдирди.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин айтымында Санкт-Петербургдагы демонстрацияга 3,500 адам катышып, 500 киши кармалды. (AT)