Таиландда адам аткезчилери соттолууда

Миңдеген Рохинжа мусулмандары Таиланддык адам аткезчилеринин курмандыгы болду Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Миңдеген Рохинжа мусулмандары Таиланддык адам аткезчилеринин курмандыгы болду

Таиланддагы сот 2015-жылы Рохинжя качкындарынын кризиси учурунда болгон адам сатуу кылмышы боюнча кырк адамга күнөөлөгөн өкүм чыгарды. Адам аткезчилиги боюнча өлкөдөгү ири сот процессинде жүздөн ашык адамдын иши каралып жатат. Алардын арасында Таиланддын жогорку кызматтагы адамдары да бар.

Жалпысынан жүздөн ашык айыпкер адам сатуу, уурдоо жана өлтүрүү боюнча жооп берип жатат.

Мьянмада катуу репрессиядан улам Рохинжа мусулмандары адам аткезчилерине акча төлөп, өлкөдөн чыгып кетүүнүн аракеттерин көрүшкөн. Бирок көбү аткезчилердин алдамчылыгынан жана зомбулугунан азап тартышкан.

2015-жылы миңдей адам деңизде жана жунгли токоюндагы лагерде калышкан.

Эл аралык коомчулук Таиланддын бийликтерине аткезчилик кылмыштарын басуу боюнча кысым көргөзүп баштаганда кризис оорлогон.

Натыйжада аткезчилер качкындарды талаага таштап баса беришкен.

Бул сот процесси Таиланд менен Малайзиянын чек арасына жакын жерде жунгли токоюндагы качкындар лагериндеги массалык мүрзөлөр табылгандан кийин башталган.

Сот сурагына алынып жаткандардын көбү Таиланддан, ошондой эле Мьянма менен Бангладештин да жарандары бар.

Соттолуп жаткандардын арасында Таиландын жогорку кызматтагы аскер адамы, генерал-лейтенант Манас Конгпан да бар. (KC)

Тектеш темалар